Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Ош мэриясынын кызматкери жалданмачылыкка шек саналып кармалды


Ош шаарынын мэриясынын имараты.
Ош шаарынын мэриясынын имараты.

Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматкери жалданмачылыкка айыпталып, кармалганы белгилүү болду. Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-апрелде кызматкердин бөгөт чарасын карап, 17-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Райондук соттун маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ага Кылмыш-Жаза кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш ишин козгогон.

Беренедеги бул бөлүктө: “Башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу”, - деп көрсөтүлгөн.

Ош шаардык мэриясынан бир кызматкер кармалганын ырастап, толук маалымат берген жок. УКМК комментарий бере элек.

Шек саналган адам кандай негизде, кимге жалданганы тууралуу расмий маалымат айтыла элек.

Буга чейин ар кандай шартта Орусиянын тарабында Украинада согушка катышкан үч кыргызстандыктын иши резонанс жараткан.

Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу орус армиясы менен кайрадан келишим түзгөнү кабарланган. Ал буга чейин Кыргызстанда жети жылга соттолуп, кийин пробация менен бошотулган соң чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Орусияга чыгып кеткени маалым болгон.

Араванда Украинадагы согушка катышкан деп шек саналган жаран беш жылга соттолсо, Нарында Орусиянын “Вагнер” менчик аскер компаниясы менен согушка барганы үчүн соттолгон Бекназар Бөрүгул уулу мунапыс менен абактан бошотулган.

Кыргызстандын мыйзамы жарандарга чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышуусуна тыюу салат. УКМК бул кылмышты жасаган жарандар 15 жылга чейин абакка кесилерин эскертип келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG