Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

Башкы прокуратура 25 салыкчы айыпкы жыгылганын билдирди


Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

Башкы прокуратура Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу” беренеси менен 25 салык кызматкери 10 миң сомдон айыпка жыгылганын билдирди.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактык салык органдарынын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында салык инспекторлору Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 318-беренесинин 4-бөлүмүнүн талаптарын бузуп, ишкерлерге 5 000 сомдон 13 000 сомго чейин айып салганы аныкталган. Мекеме мыйзам боюнча бул бузуу үчүн жазалоо чарасы катары айып салуу эмес, эскертүү гана каралганын кабарлады.

Башкы прокуратура ыйгарым укуктарынан аша чаап, ишкерлердин укуктарын бузуу, анын ичинде негизсиз санкцияларды колдонуу учурлары мыйзам чегинде жазалана турганын кошумчалады.

Мамлекеттик салык кызматы бул окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Шерине

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG