Өлкөдөгү бир катар журналисттер жана медиа уюмдардын башын кошкон “Кыргызстандын Медиа платформасы” уюму укук коргоочу Рита Карасартованын камалышы жана журналисттер менен жарандык коомго басымдын күчөшүнө байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды.
18-апрелде таратылган кайрылууда платформа укук коргоочунун соңку камалышы жана жарандык коомго күчөп жаткан басымга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Уюм Рита Карасартованын камалышын мыйзамсыз деп эсептерин билдирген. Президент Садыр Жапаровду укук коргоо жана ал сыяктуу өз пикирин эркин билдирген жарандардын укугунун корголушун камсыздоого чакырган.
Уюм өлкөнүн баш прокуроруна да кайрылып, Рита Карасартовага козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун текшерүүгө үндөдү.
Укук коргоочу Рита Карасартова 14-апрелде кармалып, эки айга камакка алынды. Кармалардын алдында Карасартова өз үйүндө тинтүү жүрүп жатканын Фейсбукка жазып, буга 10-апрелден бери дайыны чыкпай жатканы айтылган Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.
Прокуратура Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылганын жарыялаган.
Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырган.
Шерине