Президенттин иш башкармасына караштуу “Эйр Кей Жи” авиакомпаниясы жоюлду. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
“Эйр Кей Жи” 2023-жылы Президенттин иш башкармасына өткөрүлгөн. Ишкана ага чейин “Манас” эл аралык аэропортуна караштуу болчу.
“Эйр Кей Жинин” сайтындагы маалыматка караганда, туунду компания 2013-жылы сентябрда “Манас” аэропортунун директорлор кеңешинин чечими менен негизделген.
Мындай чечим “Кыргызстанды 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында” каралган максаттарды ишке ашыруу үчүн кабыл алынып, компанияга өлкөнүн транспорттук дараметин жакшыртуу тапшырмасы коюлган. (BTo)
Дагы караңыз
Шерине