Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүн Сагынбек Абдумуталип жетектейт


Сагынбек Абдумуталип
Сагынбек Абдумуталип

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Сагынбек Абдумуталип дайындалды.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын кабарлашты. Аталган бөлүмдү буга чейин Муратбек Азымбакиев жетектеп келген. Ал башка ишке өткөнүнө байланыштуу деген түшүндүрмө менен кызматтан бошотулганы белгилүү болду. Кайсы кызматка барганы кабарланган жок.

Сагынбек Абдумуталип дипломат, бир нече жыл миграциялык саясат жаатында жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалаган. Тагыраагы, Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинде кайрылман жана этникалык кыргыздар боюнча бөлүмдү, Тышкы иштер министрлигинде тышкы миграция бөлүмүн жетектеген. Мындан сырткары Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинде кеңешчи болгон. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдумуталип Кочкорбаевдин уулу.

Муратбек Азымбакиев президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүн 2022-жылы май айынын бери жетектеп келген.

Шерине

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG