Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Орусияда "Талибан" кыймылы террордук уюмдардын тизмесинен чыгарылды


"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Орусияда.
"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Орусияда.

Орусиянын Жогорку Соту "Талибан" кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарды.

Аталган кыймылга Орусияда 2003-жылдан бери тыюу салынган. Буга карабай Орусиянын бийлиги соңку жылдары Москвада талибдер менен бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн. Ал эми былтыр ноябрда Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Кабулга расмий сапар менен барган. Ал Москва Ооганстандын темир жол, транспорт инфраструктураларына, өнөр жайына, айыл чарбасына, энергетикасына жана кен казуу тармагына инвестиция салууга даяр экенин билдирген.

2024-жылы декабрда Федералдык Кеңеш мыйзам кабыл алып, айрым кыймыл-топторду террордук уюмдар тизмесинен соттун чечими менен алып салууга уруксат берген.

"Верстка" басылмасынын маалыматына караганда, 2016-2025-жылдар аралыгында Орусияда "Талибан" кыймылы боюнча кылмыш же административдик жоопкерчиликке 37 адам тартылган.

20 кишиге айып пул салынган же камакка алынган, кеминде тогуз кишиге кылмыш иши козголгон(алардын айрымдары 12,5 жылга чейин абакка кесилген).

2021-жылдын август айынын ортосунда талибдер Ооганстандын бардык аймагын көзөмөлгө алган соң Кабул шаары эч кандай каршылыксыз басып алышкан.

Батыш мамлекеттери "Талибанды" Ооганстандын легитимдүү өкмөтү катары тааныбайт.

Кыргызстан бул кыймылды тыюу салынган уюмдардын тизмесинен былтыр сентябрь айында чыгарган. Андан бир аз мурда ушундай эле кадамга Казакстан дагы барган.

Шерине

XS
SM
MD
LG