Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Орусияда мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча соттолгондор көбөйдү


Мигранттарга каршы уюштурулган рейд.
Мигранттарга каршы уюштурулган рейд.

2024-жылы Орусияда мыйзамсыз миграцияны уюштурганы үчүн соттолгондордун саны согуш башталганга чейинки мезгилге салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөнүн "Север.Реалии" басылмасы аныктады.

Былтыр мындай айып менен 1207 адам соттолгон. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 27,2% көп (2023-жылы — 879 адам соттолгон).

Миграцияга байланыштуу башка беренелер боюнча да соттолгондордун саны өскөн, бирок айырма анчалык чоң эмес.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 1-октябрына карата Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандардын саны 40% көбөйгөн.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттардын саны 740 миңден ашат.

Бул көрсөткүчтөр 2024-жылдын март айында Москвадагы "Крокус Сити Холлдо" болгон теракттан кийин кескин өзгөрдү. Андан кийин Владимир Путин миграциялык саясатты кайра карап чыгуу зарылдыгын билдирген.

Анын натыйжасында, Мамлекеттик Дума миграцияны катаалдаштыруучу 13 мыйзам кабыл алды. Алардын ичинде визасыз келген чет өлкөлүктөрдүн өлкөдө калуу мөөнөтү кыскартылды, өлкөдөн сотсуз чыгаруу (депортация) механизми киргизилди, "көзөмөлгө алынган жарандардын реестри" түзүлдү. Андан тышкары мигранттарга каршы рейддер күчөдү.


Шерине

XS
SM
MD
LG