Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

Кыргыз бийлиги “Капитал банктын” мыйзамсыз иштерге тиешеси жок экенин билдирди


“Капитал банк”.
“Капитал банк”.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы “Борбор Азиянын Капитал банкы” тууралуу интернетте тарап жаткан маалыматтарга комментарий берди.

Анда “Капитал банк” мамлекеттик банк жана анын акцияларынын 100% Финансы министрлигине таандык экени айтылат. Ал каржылык агымдардын ачыктыгын, отчеттуулугун камсыз кылуу, ошондой эле санкцияларга кабылган акчаны жүгүртүүгө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында түзүлгөнү белгиленген.

“Илан Шор жана ошондой эле санкцияларга кабылган банктар же структуралар менен байланышы бар деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул ырастоолор негизсиз, эч кандай фактылар менен тастыкталбайт жана Кыргызстандын каржы системасын дискредитациялоого багытталган”, - деп айтылат маалыматта.

“Капитал банк” трансчек аралык рублдик операцияларга мамлекеттик көзөмөлдү орнотуу, санкцияларды айланып өтүүгө жол бербөө үчүн түзүлгөнү кабарланды.

Президенттин администрациясы банк аркылуу өткөн ар кандай транзакциялар эл аралык стандарттардын жана ички көзөмөл, улуттук мыйзамдардын, ошондой эле каражаттын изин жашыруу жана мыйзамсыз ишти каржылоого каршы күрөштүн талаптарына ылайык текшерилерин кошумчалады.

16-апрелде Молдовадагы IPN маалымат агенттиги “Капитал банк” жана ага молдован тектүү орус олигархы Илан Шордун байланышы тууралуу маалымат жарыялаган.

Анда АКШ Кыргызстандын “Керемет банкына” санкция салгандан үч айдан кийин “Капитал банк” санкцияга илинген орусиялык компаниялар, анын ичинде “Орусиянын аскердик банкы” деп эсептелген “Промсвязьбанк” менен иштешкен негизги каржы мекемеси болуп калганы жазылган.

IPN маалымат агенттиги Интерпол аркылуу издөөгө алынып, АКШнын санкциясына кабылган Илан Шор жана A7 фирмасы, “Борбор Азиянын Капитал банкы” Орусиянын армиясын курал-жарак менен камсыз кылган кытайлык компаниялардын ортосунда финансылык операцияларды уюштуруп жатканын билдирген. Бул схемага Алексей Ширшов, Игорь Гойхмандардын да тиешеси бар экени айтылат.

2025-жылдын 15-январында АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, “Керемет банкка” да санкция салган. АКШ “Керемет банктын” расмий өкүлдөрү 2024-жылдын жай айларынан бери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турган” деп айыптаган.

“Керемет банк” мындай чечим боюнча АКШнын Каржы министрлигине даттануу жолдогонун билдирген.

“Керемет Банктын” тарыхы Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык “АзияУниверсалБанкка” барып такалат. Улуттук банкка өткөндөн кийин беш-алты жыл ортодо арсар абалда турган банктын 97,45% акциясын 2024-жылы март айында Финансы министрлиги сатып алган.

Ал эми маркум Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнө таандык “Капитал банк” 2024-жылы мамлекетке алынган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Чыныбай Турсунбеков 2010-жылы Максим Бакиевге тиешелүү “Акылинвестбанкты” рейдерлик жол менен тартып алып, атын “Капитал банк” деп өзгөртүп койгонун айткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG