Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы мончодо 10-апрелде өткөрүлгөн рейд боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды. Анда мекеме "Бодрость" мончосунда болгон окуяны "коомдук жайларды пландуу текшерүү" деп атады. Билдирүүдө рейд учурунда дээрлик 60 кыргызстандык жаран кармалганы кабарланган. Алардын 25ине Орусиянын миграция мыйзамдарын бузуу боюнча протоколдор түзүлүп, айрымдары "радикалдык топторго тиешеси бар" деген шек менен кармалган. Ошондой эле, күч органдарына каршылык көрсөтүшкөндүктөн күч колдонулганы белгиленген.
Маалыматка караганда, алардын кээ бирлери радикалдуу топторго тиешеси бар деп шектелүүдө.
"Операция учурунда айрым чет өлкөлүк жарандар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршылык көрсөткөн. Ошондуктан, аларга карата тиешелүү чаралар колдонулган. Ошол эле учурда, биздин күч органдарынын кызматкерлери өз ыйгарым укуктарынын жана орус мыйзамдардын алкагында аракет кылышкан”, — деп жазылат мекеме тараткан билдирүүдө.
Анда ошондой эле рейд кайсы бир өлкөнүн жарандарына багытталбаганы кошумчаланган.
Өткөн аптанын аягында социалдык тармактарга Москвадагы мончолордун биринде кыргызстандыктарды орус полициясы жана бети жабылган белгисиз адамдар уруп-сабады делген видео тараган. Анда мигранттарды полиция кызматкерлери колдорун артка кайрып жаткырып, айрымдарын чапкылап жатканын көрүүгө болот.
Ошол учурда мончодо болуп, сабалган мигранттардын бири “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, окуя 10-апрелде болгонун, полиция аларды беш сааттай уруп-сабап, бул убакыт ичинде ар кандай ыкмалар менен кыйнаганын айтып берген.
Социалдык тармактарда кыргызстандыктарды аёосуз сабаган полиция кызматкерлерине сын айтылып, кыргыз бийлигин бул окуяга чукул реакция кылуу талабы жазылып жатат. Ушундай эле талапты Жогорку Кеңеште бир нече депутат коюп, кыргыз өкмөтүнүн ишин сынга алган.
Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчиси Сергей Вакуновго мончодогу операциянын мыйзамдуулугу, андагы жарандарга күч колдонуунун себептери боюнча маалымат берүү жана күч колдонуу негизсиз болсо, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота тапшырды.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев коопсуздуктан улам сабалган кыргызстандыктар арыз жазуудан баш тартканын айткан
Шерине