Орус армиясынын 17-апрелге караган түнү жасаган чабуулунан үч адамдын өмүрү кыйылды. Днепропетровск облусунун жетекчиси Сергей Лысактын айтымында, жалпы 30 адам жаракат алды, алардын арасында беш бала бар. 16 киши ооруканага жеткирилди, бирөөнүн абалы оор.
Лысак кошумчалагандай, Днепр шаарында он чакты көп кабаттуу үй жана ошончо сандагы жеке турак жай жабыркаган. Окуу жайдын бир корпусу, жатакана, гимназия, тамак-аш ишканасы жана башка имараттар да зыян тарткан. Шаарда бир нече жерде өрт тутанган.
17-апрелде орус армиясы Херсондун Борбордук районуна сокку урду.
"15 жаштагы өспүрүм оор жаракат алып, ооруканага жаткырылды", – деп билдирди шаардын аскердик администрациясынын башчысы Роман Мрочко.
Мындан сырткары, дагы эки эркек киши медициналык жардам сурап кайрылган.
Шаршемби кечинде Харьков облусу да соккуга кабылды. Изюм шаарына дрондор жана ракета атылганы кабарланды. Натыйжада алты адам жараат алган. Облустун ар кайсы аймактарында жалпы жонунан 17 киши жабыркаганы тууралуу маалыматты жергиликтүү бийлик ырастады.
Орус аскерлери Украинада фронттон алыс жайгашкан айыл-шаарларга дээрлик күн сайын “Шахед” түрүндөгү дрондор менен чабуул коюп келишет.
Украин куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, дрондордун басымдуу бөлүгүн атып түшүрүлүүдө.
Орус армиясы адатта бир гана аскердик жайларды бутага аларын билдирип, карапайым тургундар жашаган үйлөргө, жарандык инфратүзүмдөргө сокку урганын четке кагып келет.
Шерине