Евробиримдик быйыл визасыз режимге ээ болгон 61 өлкөнүн, анын ичинде Батыш Балкан өлкөлөрү, Грузия, Молдова жана Украина сыяктуу шаркетке мүчө болууну көздөгөн мамлекеттердин жарандары үчүн визалык эрежелерди катаалдаштырууну пландап жатат.
Муну менен Евробиримдиктин жетекчилиги эки максатты көздөйт. Бул мыйзамсыз миграцияны ооздуктоо жана виза саясатын үчүнчү өлкөлөргө саясий басым куралы катары колдонуу.
Визасыз режим үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына шаркеттин аймагына 180 күндүн ичинде 90 күнгө чейин визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Косово 2024-жылы тизмеге кирсе, Грузия менен Украина 2017-жылы кошулган. Бул чечимдер аталган өлкөлөрдө чоң кубаныч менен кабыл алынган.
Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, төрт негизги себеп кошулууда. Эгер визасыз режимдеги өлкө Евробиримдиктин визалык саясатына дал келбесе, мисалы, үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына ашыкча жеңилдик берсе, бул эркиндик токтотулушу мүмкүн.
2022-жылы Сербия Индия, Бурунди жана Куба сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берген. Натыйжада, көптөгөн жарандар шаркетке Сербия аркылуу өтө башташкан. Евробиримдиктин кысымынан кийин Белград жогорудагы өлкөлөр менен визасыз режимин токтоткон.
Визаны убактылуу токтотуунун дагы бир себеби бул "гибриддик коркунучтар" деп аталган жагдайлар. Бул азырынча теориялык деңгээлде каралып жаткан норма болгону менен, ал Орусия менен Беларустун аракеттерине байланыштуу түзүлгөн. Евробиримдик Москва менен Минскини Африка жана Азиядан келген мигранттарды атайылап Польша менен Литванын чек араларына ташыган деп айыптаган.
Үчүнчү себеп — "инвестордук жарандык" схемасы. Эгер бир өлкө реалдуу байланышы жок адамдарга акчага жарандык берип жатса, бул да визалык эркиндикти токтотууга негиз болушу мүмкүн.
Бирок эң кызыктуу жана маанилүү себептөрдүн бири Евробиримдик менен үчүнчү өлкөлөрдүн саясий мамилесине байланыштуу. Жаңы мыйзам долбоорунда эгер кайсы бир өлкөдө “адам укуктарынын одоно бузулушу ", же болбосо "эл аралык укуктун жана эл аралык соттордун чечимдеринин олуттуу бузулушу” байкалса, визалык эркиндик убактылуу токтотулушу мүмкүн деп так жазылган.
Шерине