Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү эки айга узартылды


Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 17-апрель, 2025-жыл.
Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 17-апрель, 2025-жыл.

17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук судьясы Азирет Медеров Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнү эки айга узартуу боюнча чечим кабыл алып, кийинки отурум 12-майга белгиленди.

Бүгүнкү соттук жараянда шектүүлөргө акыркы сөзүн сүйлөштү. Фарид Ниязов бул окуя боюнча кылмыш иши козголбошу керектигин айтса, Равшан Жээнбеков “айыпталуучулардын бийликти басып алуу планы болгон деген кинеси орунсуз” экенин билдирген.

14-апрелдеги соттук отурумда прокурорлор соттон шектүүлөрдү 10 жылдан 11 жылга чейин абакка кесүүнү сураган. Мамлекеттик айыптоочулар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11, анын мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязовду 10, мурдагы жансакчысы Канат Сагынбаевди 11 жана Равшан Жээнбековду 10 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Асел Кодурановага, Ирина Карамушкинага, Мээрбек Мискенбаевге жана КСДП партиясынын мурдагы өкүлү Кундуз Жолдубаевага үч жылдан пробациялык жаза берүүнү өтүнгөн.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жаракат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган.

Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдирген. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери уланууда. (BTo/TAb)


Шерине

XS
SM
MD
LG