Бишкектеги №31 мектепте классташынын соккусунан каза болгон 14 жаштагы кыздын окуясы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 17-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын сөзүнө караганда, соттук-медициналык, биологиялык экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет. Ушул тапта мугалимдер, окуучулар сурак берип жатат.
Окуя 15-апрелде болгон. Маалыматка ылайык, 2011-жылы туулган өспүрүм классташ кызы менен чырлаша кетип, аны уруп жиберген. Анын кесепетинен сокку алган кыз эсине келбей каза болгон.
Кыргызстанда мектептеги чоңсунуу, тартип бузуу маселеси талкууланып келет. Жыл башында Бишкектеги №72 орто мектептин 8-классынын окуучусунун өлүмүнө шек саналып ушул эле мектептин 9-классынын окуучусу кармалган. (BTo)
Шерине