17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөр акыркы сөздөрүн сүйлөп баштады.
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчичи Фарид Ниязов бул окуя боюнча кылмыш иши козголбошу керектигин айтып, Кой-Таш окуясына ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековду жана күч органдарынын башчыларын айыптады. Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков “айыпталуучулардын бийликти басып алуу планы болгон деген кинеси орунсуз” экенин билдирди.
14-апрелдеги соттук отурумда прокурорлор соттон шектүүлөрдү 10 жылдан 11 жылга чейин абакка кесүүнү сураган. Мамлекеттик айыптоочулар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11, анын мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязовду 10, мурдагы жансакчысы Канат Сагынбаевди 11 жана Равшан Жээнбековду 10 жылга эркинен ажыратууну сураган.
Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Асел Кодурановага, Ирина Карамушкинага, Мээрбек Мискенбаевге жана КСДП партиясынын мурдагы өкүлү Кундуз Жолдубаевага үч жылдан пробациялык жаза берүүнү өтүнгөн.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жаракат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган.
Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдирген. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери уланууда. (BTo/TAb)
Шерине