Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Орусиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москальковага Кыргызстандын Орусияда жүргөн эмгек мигранттарынын укугун коргоону камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнү суранды.
Бул тууралуу ал Москва шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынынын алкагында Татьяна Москалькова менен жолугушууда айтып, Москвадагы “Бодрость” мончосунда болгон окуяга тынчсыздануусун билдирди.
“Видеодо кыргыз жарандарынын массалык кармалышы учурунда күч колдонуунун негиздүүлүгүнө суроолор жаралат. Кыргыз жарандарына ар кандай административдик же күч колдонуу чаралары процесстик укуктарды, эл аралык милдеттенмелерди сактоо менен жүргүзүлүшү керек. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук укуктуу мүчөсү, – деди Жамиля Жаманбаева.
Татьяна Москалькова бул окуя боюнча анын кайрылуусунан кийин Орусиянын прокуратурасы жана Миграция кызматы текшерүүлөрдү баштаганын айтты. Ал Орусияда коопсуздукту күчөтүү талап кылынып жатканын, бирок мыйзамдуу жүргөн адамдардын укуктары бузулбашы керектигин кошумчалады.
Өткөн аптанын аягында социалдык тармактарга Москвадагы мончолордун биринде кыргызстандыктарды орус полициясы жана бети жабылган белгисиз адамдар уруп-сабады делген видео тараган. Анда мигранттарды полиция кызматкерлери колдорун артка кайрып жаткырып, айрымдарын чапкылап жатканын көрүүгө болот.
Ошол учурда мончодо болуп, сабалган мигранттардын бири “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, окуя 10-апрелде болгонун, полиция аларды беш сааттай уруп-сабап, бул убакыт ичинде ар кандай ыкмалар менен кыйнаганын айтып берген.
Социалдык тармактарда кыргызстандыктарды аёосуз сабаган полиция кызматкерлерине сын айтылып, кыргыз бийлигин бул окуяга чукул реакция кылуу талабы жазылып жатат. Ушундай эле талапты Жогорку Кеңеште бир нече депутат коюп, кыргыз өкмөтүнүн ишин сынга алган.
14-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москвада болгон окуя боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновго расмий нота тапшырган. (BTo)
Шерине