Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 32 ардагери калды


Согуш курмандыктарын эскерүү. Ош. Архив сүрөт.
Согуш курмандыктарын эскерүү. Ош. Архив сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 11-апрелге карата Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 32 ардагери калды. Алардын ичинде концлагерде туткунда болгон 7 адам, Ленинграддагы блокаданын 11 күбөсү бар.

Бир жыл мурда Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 41 ардагери бар болчу. Жеңиш күнүнө карата алардын ар бирине президенттин фондунан бир жолку материалдык жардам катары 100 миң сомдон берилген.

Быйыл 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңишке 80 жыл болот. Кыргызстанда Жеңиш майрамына карата аскердик парад 8-майда өтөрү кабарланган. 9-май күнү президент Садыр Жапаров баштаган бир катар мамлекеттик жетекчилер Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө үчүн Москвага - Кызыл Аянтка барары кабарланган.


Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда тутанып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган. Ага ошол маалдагы 74 мамлекеттин 62си, дүйнөнүн 80% калкы катышкан. Согуштан жалпы 70 миллиондой адам кырылган.

СССР Экинчи дүйнөлүк согушка өзү аралашкан бөлүгүн Улуу Ата Мекендик согуш деп атаган. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 1941-жылы 22-июнда башталып, 1945-жыл 9-майда СССР жеңишке жеткен. Бул күн СССРде, кийин андан тараган мамлекеттерде Жеңиш күнү катары белгиленет.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG