Нью-Йоркто тик учак Гудзон дарыясына кулап, алты киши каза болгонун жергиликтүү бийлик кабарлады. Кырсыктын себептери азырынча беймаалым. Associated Press каза болгондордун үчөө балдар экенин жазды.
Бортто учкучтан сырткары Испаниядан келген туристтердин үй-бүлөсү болгон.
Шаардын Өрт өчүрүү кызматы кырсык тууралуу маалыматты жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат төрттө алган. Күбөлөрдүн бири тик учак абада эле чачырай баштаганын айтып берди.
Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалык кыйраган тик учакты коммерциялык авиацияда жана ар кандай туристтик компанияларда кеңири колдонулган Bell 206 модели деп аныктады.
АКШнын Филадельфия шаарында 31-январдын кечинде медициналык эвакуациялоочу Learjet 55 учагы кулаган, ичинде алты киши болгон. Reuters агенттиги учакка ээлик кылган Jet Rescue компаниясына шилтеме кылып бортто экипаждын төрт мүчөсү, бейтап бала жана анын апасы болгонун жазган.
30-январга караган түнү АКШнын борбору Вашингтондогу Рональд Рейган аба майданына жакын жерде American Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчү ташыган учагы тик учак менен кагышып, Потомак дарыясына кулап түшкөн. Лайнерде 64 киши, ал эми тик учакта үч аскер кызматкери болгону маалымдалган. Учакта көркөм муз тебүү боюнча дүйнө чемпиондору, орусиялык спортчулар Вадим Наумов менен жубайы Евгения Шишкова да болгону ырасталган. Наумов менен Шишкова 1994-жылы өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынышкан.
Шерине