Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Соода согушу: Трамп Кытайга 125% тариф киргизди


Кытайдын лидери Си Цзинпинь менен АКШнын президенти Дональд Трамп.
Кытайдын лидери Си Цзинпинь менен АКШнын президенти Дональд Трамп.

9-апрелде Кытай АКШдан импорттолгон бир катар товарларга 84% бажы төлөмүн киргизерин жарыялагандан көп өтпөй, АКШ президенти Дональд Трамп катуу жооп кайтардын. Эми Кытай товарларына болгон бажы салыгы дароо 125%ке чейин жогорулатылат.

Соңку чечим дүйнөдөгү эң ири эки экономиканын ортосундагы соода жаңжалын олуттуу баскычка чыгарып, узакка созулган экономикалык тирешүүнүн башталышы болушу мүмкүн.

"Кытай дүйнөлүк базарды сыйлабастыгын эске алып, Америка Кытайдан келген товарларга тарифти 125% көтөрөт. Бул чечим дароо күчүнө кирет. Бир күнү, жана ал күн жакындап калды деп үмүттөнөм, Кытай АКШны жана башка өлкөлөрдү алдоо доору артта калганын түшүнөт».", — деп жазды Трамп социалдык тармакта.

Расмий Бээжиндин бир аз мурдараак АКШ товарларына 84%ке чейинки бажы салыгын жарыялашы дүйнөлүк каржы базарларында чоң дүрбөлөң жараткан.

Кытайдын бул кадамы Вашингтон кытайлык товарларга киргизген 104% тариф расмий күчүнө кирген күнү жасалды. Бээжин бул кадамын "АКШнын тынымсыз соода агрессиясына» жооп иретинде коргонуу чара катары киргизилди деп түшүндүрдү.

Өткөн жылы АКШ Кытайдан жалпы көлөмү 439 миллиард долларлык товар импорттогон. Алардын арасында эң кымбат баалуу товарлар — смартфондор, ноутбуктар, литий-ион батареялары, оюндар жана оюнчуктар болгон.

Ошол эле маалда Америка Кытайга 144 миллиард долларлык товар экспорттогон. Бул сооданын натыйжасында АКШ Кытай менен болгон соодадан 295 миллиард доллар дефицитке учураган.

Кытайдын АКШ товарларына болгон жаңы тарифтери 10-апрелде күчүнө кирет. Жаңы бажы төлөмдөрү АКШнын негизги экспорттук тармактарын, айыл чарбасы, электроника жана өнөр жай жабдуулары сыяктуу тармактарды бутага алат.

"Эгерде АКШ соода жана экономикалык чектөөлөрдү күчөтө берсе, Кытайдын буга каршы чара көрүүгө эрки жана жетиштүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Биз аягына чейин туруштук берүүгө даярбыз", — деп жазылт Кытайдын Соода министрлиги тараткан билдирүүдө.

Корнелл университетинин колдонмо экономика жана саясат боюнча профессору Вэндон Чжан белгилегендей, Кытай мурдагы 2018–2019-жылдардагы соода согушунан кийин АКШдан көз карандуулугун, айрыкча айыл чарба товарларына болгон көз карандылуугун кескин кыскарткан.

"Бул жолу Кытай жетекчилигинин артында Америкага каршы турууну колдогон коомчулук турат. Алар ички керектөөгө басым жасап, жаңы багыт алууга даяр", — деди Чжан.

Трамп АКШ менен конструктивдүү кызматташып жаткан 75тен ашуун өлкөгө жаңы тарифтерди киргизүүнү 90 күнгө токтотууну жарыялады.

Тарифтердин экономикалык таасири боюнча коркунучтар дүйнө жүзү боюнча фондулук базарлардын кыйрашына алып келди. Биржалардын бир күндүк көрсөткүчү 2020-жылдагы COVID-19 пандемиясынан кийинки эң төмөн деңгээлге түшүп кетти.

Уолл Стриттин негизги индекси деп саналган S&P 500 үч күндүк соодадан кийин 10 пайыздан ашык төмөндөдү, ал эми Азия базарларында да кескин төмөндөө байкалууда.

Кытайдын 9-апрелдеги жарыяланган чечиминен кийин дагы көрсөткүчтөр төмөндөөнү улантты. Лондондун FTSE 100 индексин жана Франкфурттун Dax индексинде кескин ылдыйлоолор күтүлүп жатат.

Евробиримдиктин чаралары

Соңку чыңалуу Евробиримдикке мүчө мамлекеттер Брюсселге чогулуп, контрчараларды талкуулап жаткан маалга туш келди. Вашингтон шаркетке 20% тарифтерди салган.

Евробиримдик АКШнын 21 миллиард еврого (23,2 миллиард долларга) бааланган товарларына каршы бажы төлөмдөрүн жактырды.

Шаркетке мүчө 27 өлкөнүн көпчүлүгү бул чечимди 9-апрелде колдоп добуш беришти. Айрым бажы төлөмдөр 15-апрелден тартып күчүнө кирет.

Тарифке туш болгон товарлардын катарында алмаз, айыл чарба продукциясы, канаттуулардын эти, мотоциклдер жана соя буурчагы бар.

Соя буурчагы Трампты колдогон Луизиана штатынын негизги экспорттук товары. Бул штаттан Өкүлдөр палатасынын төрагасы Майк Жонсон да чыккан.

"АКШ адилеттүү жана тең салмактуу сүйлөшүү жолу менен макулдашууга келсе, бул чаралар каалаган убакта токтотулушу мүмкүн", - деп жазылат Еврокомиссия тараткан билдирүүдө.

АКШ дээрлик бардык европалык экспорттук товарларга жалпы 20 пайыздык тариф киргизген эле, мындан тышкары автоунааларга жана айрым унаа тетиктерине өзүнчө 25 пайыздык тариф да салынган.

Трамп жакын арада жыгач, чип жана фармацевтикалык продукцияларга дагы кошумча тарифтерди жарыяларын айткан.

Жалпысынан алганда, Трамптын жаңы тарифтери Евробиримдиктин болжол менен 380 миллиард еврого бааланган товарларына багытталган.

Шаркеттин экинчи этаптагы тарифтери 15-майда күчүнө кирет, үчүнчү толкун болсо 1-декабрга белгиленген. Көпчүлүк товарларга 25 пайыздык тариф каралып жатат, айрым категорияларга болсо 10 пайыздык деңгээлде гана болот.

Трамптын саясаты дүйнөгө кандай таасирин тийгизет

Дональд Трамптын администрациясы дүйнөнүн 185 өлкөсүнө бажы төлөмдөрүн киргизди. Алардын арасында калкы 2,5 миллионго жетпеген Африкадагы чакан Ботсвана мамлекети да бар. Ботсвана АКШга жылына 459 миллион долларлык товар экспорттойт. Бул экспорттун 99,5 пайызы алмаздан турат. Америкадан Ботсванага товар импорту беш эсе аз-жылына 90 миллион долларга жетпейт.

Негизинен бул инженердик жабдуулар, компьютерлер, мониторлор жана үчтөн бир бөлүгү кайрадан алмаздар.

Бул алмаздар АКШда иштетилип, сертификациядан өткөрүлүп, кайра документ боюнча Ботсванага кайтарылат. Андан соң алар дүйнөлүк рынокко чыгат. Эми ушул процесске 37% тариф киргизилди.

Бул Ботсвананын алмаздардын баасы ошол эле Америкада кыйла кымбаттайт дегенди билдирет.

Бул тизмедеги дагы бир чакан мамлекеттерди бири Лесото. Бул мамлекет толугу менен Түштүк Африка Республикасы менен курчалган.

2000-жылдардын башында Лесотодо текстил фабрикалары ачылып, дүйнөгө белгилүү Levi’s жана Calvin Klein сыяктуу бренддердин шымдарын тиге баштаган. 2024-жылы Лесото АКШга 237 миллион долларлык жинсы шым экспорттогон.

"Эгер текстиль өнөр жайы кыйрап калса, бул өлкөбүз, экономикабыз жана эл үчүн чоң трагедия болот. Эгер өкмөт шашылыш чара көрбөсө инвесторлор башка жакты карап калышы мүмкүн. Балким, АКШ өкмөтүнүн алдында тизе бүгүшүбүз керек", — деди Reuters агенттигине Экономикалык Эркиндик кесиптик союзунун баш катчысы Цепанг Макаколе.

Лесото азыр АКШнын медиаларында дагы кеңири талкууланып жатат. 5-мартта Конгресске кайрылуусунда Трамп бул өлкөнү "эч ким укпаган өлкө" деп атаган. Бирок дал ушул Лесотого Вашингтон эң жогорку 50% тариф киргизген.

Levi’s компаниясынын шымдары негизинен Лесото менен Вьетнамда тигилет. Вьетнам да Трамптын 46 пайыздык жогорку тарифтерине кабылды .

Албетте, Levi’s өндүрүштү башка өлкөлөргө көчүрүшү мүмкүн. Бирок андай болсо, Лесотодо 40 миңдей адам жумушсуз калат.

Бул тарифтерден жабыркаган компаниялардын арасында Nike дагы бар. Компания Кытайга болгон көз карандуулугун азайтуу үчүн өндүрүштү Вьетнамга көчүргөн. Бүгүнкү күндө Nike бут кийимдеринин 50% жана кийимдеринин 25% Вьетнамда чыгарылат. Эми 46 пайыздык жаңы тарифтен кийин компаниянын акциялары 15% түшүп кетти. Nike муну бааларды көтөрүү же пайдасын азайтуу менен жабууга аргасыз. Талдоочулар АКШда бут кийимдердин баасы 20–30 пайызга чейин кымбаттайт деп божомолдошууда.

Баалар электроника тармагында да өсөт. Apple компаниясы iPhone’дорду Индияда, AirPods кулакчындарын Вьетнамда, Mac компьютерлерин Малайзияда чыгарат.

Бул үч өлкө тең Трамптын тарифтер тизмесине кирди. Apple’дин акциялары тогуз пайызга түшүп кетти. Бул пандемиядан берки эң жаман көрсөткүч. Эсептөөлөргө ылайык, Apple АКШдагы iPhone баасын 43% көтөрүүгө аргасыз болот. Мисалы, эң жөнөкөй iPhone 16 азыр АКШда 799 доллар турат, жаңы баасы 1150 долларга жетиши мүмкүн.

Компьютер өндүрүүчү Intel, Dell жана HP компаниялары Кытай, Тайвань жана Түштүк Кореядан келген тетиктерге көз каранды. Бул өлкөлөргө да бажы төлөмдөрү киргизилди. Бул ноутбук жана серверлердин баасына түз таасирин тийгизет.

Аналитиктердин эсептөөсүнө ылайык, 2024-жылы маалыматтарды иштетүүчү жабдуулардын импорту 200 миллиард долларды түздү. Эми бул жабдуулар кескин кымбаттайт.

"Бул бажы төлөмдөрү негизинен АКШ рыногуна таасир берет. Башкача айтканда, Levi’s жинстары, Nike бут кийимдери же iPhone'дор кандай өлкөлөрдө чыгарылбасын, бул товарлар Европада, Австралияда же Британияда кымбаттабайт. Баалар жогоруда аталган бажы төлөмдөрүнүн таасирине АКШда гана кабылат", — деп түшүндүрөт The Bell басылмасынын журналисти Денис Касянчук.

Шерине

XS
SM
MD
LG