Өлкөгө сырттан ташылып кирүүчү товарларга жаңы тарифтер колдонула баштай турганын Трамп 2-апрелде жарыялап, мындай соода саясатынын негизги максаты америкалык өндүрүш тармагын өркүндөтүү экенин айткан.
Ондогон өлкөнүн товарына салынуучу импорт пошлинасынын арасында Кытайга карата киргизилген 104% жана Европа Биримдигинин товарларына 20% тарифтер бар.
5-апрелден тартып базалык тариф катары 10% төлөм киргизилген.
Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Ливитт Трамп тарифтерди жогорулатуу мөөнөтүн жылдыруу маселеси карабаганын айткан.
"Ал пошлиналар иштей баштайт деп күтүп жатат", - деди Ливитт 8-апрелде.
Жаңы тарифтер жарыяланган бойдон сакталып калабы же жокпу, азырынча так маалым боло элек. Себеби Трамп тарифтер тууралуу чечими бекем экенин ишарат кылганы менен аларга макул болбогон өлкөлөрдүн өкүлдөрү соода алакасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Вашингтонго сапар алууга даяр экенин билдирди.
"Бизге келишим түзүүнү каалагандар келип жатышат", - деди ал 8-апрелде.
Трамп мунаса табуу жолдорун Кытай да караштырып жатканын айтты.
АКШ администрациясы Түштүк Кореянын жана Жапониянын өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөргө камданып жатканы айтылды. Бул эки өлкө Кошмо Штаттардын жакын союздашы жана негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони Вашингтонго кийинки аптада барары кабарланды.
АКШнын Кытай боюнча тариф саясаты
7-апрелде АКШ президенти Дональд Трамп Кытайды дагы кошумча 50% тариф менен коркутту. Мунун алдында Трамптын тарифине жооп катары Кытай бийлиги АКШнын импортуна 34% тариф 10-апрелден тартып киргизилерин билдирген.
"Өзүңүздөр билесиздер, Кытай менин айтканыма каршы туруп, 34% тариф киргизди. Эгер алар мындай чечимин эртең саат 12:00го чейин жокко чыгарбаса, биз койгон тарифтин үстүнө дагы 50% коебуз. Алар Ак үйдө отургандардын аркасы менен бай өлкөгө айланышты, бул жактагылар ошого жол берди. Соода аркылуу алар бизден жылына жүздөгөн миллиард доллар киреше тапты. Мындай болбошу керек. Мен жеке Си Цзиньпин менен жакшы мамиледемин. Ушундай эле болуп уланат деп үмүттөнөм. Кытайды абдан сыйлайм, бирок алар муну ишке ашырбайт деп ойлойм", - деди АКШ президенти.
Эгер Трамп 50% тууралуу айткан убадасын аткара турган болсо, Кытайдан АКШга импорттолгон товарларга жалпы 104% тариф киргизилет. АКШ лидери буга чейин март айында 20%, өткөн аптада дагы 34% тариф жарыялаган.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Линь Цзянь 8-апрелдеги билдирүүсүндө Дональд Трамптын администрациясынын кылган аракетин шантаж деп айыптап, эгер АКШ "ушундай маанайын уланта берсе" Бээжин "аягына чейин күрөшөрүн" баса белгиледи.
"Мен дагы бир жолу кайталап айткым келет, соода согушунда же тарифтик согушта жеңүүчү жок. Протекционизм эч кандай жыйынтыкка алып келбейт. Кытай эли өзү көйгөй баштабайт, бирок эгер башталып кала турган болсо андан коркпойт. Кысым, коркутуу жана шантаж Кытай менен күрөшүүнүн туура жолу эмес. Кытай өзүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын чечкиндүү коргоо үчүн бардык зарыл болгон каршы чараларды көрөт", - деп белгиледи ал.
Бээжин 34% менен кошо 16 америкалык компанияны экспорттук көзөмөл тизмесине кошуп, сейрек кездешүүчү элементтерди экспорттоого чектөө киргизген.
Эл аралык эксперттер Трамптын тарифтери дүйнөлүк экономикага коркунуч келтирип, АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушуна алып келерин айтканы менен шейшемби күнү Азия биржалары бир күн мурункуга салыштырмалуу турукташа баштады.
Токио фондулук биржасынын Nikkei 225 индекси 8-апрелде эртең менен 6% көрсөткүчтөн ашык жогорулады. Австралияда, Түштүк Кореяда, Гонконгдо жана Шанхайда да биржалар кымбаттаганы байкалды.
Дүйшөмбү күнү Азиянын, Европанын да биржаларында төмөндөө байкалды. Трамп тарифтерди жарыялагандан кийин өткөн аптада түшүп жаткан америкалык индекстер бул жуманын башында болушунча бир калыпта калууга аракет көрдү.
Еврошаркеттин реакциясы
Ал тапта Европа Биримдиги жооп иретинде АКШ товарларына тариф киргизүүнү талкуулап жатат. Бул маселеге байланыштуу добуш берүү 9-апрелде болот деп күтүлүүдө. Эгерде бул сунуш колдоо тапса, өзгөртүүлөр эки этап менен ишке ашат. Анын бир бөлүгү 15-апрелде, калганы бир айдан кийин күчүнө кирет. Маалыматка караганда, кошумча пошлина киргизүү боюнча Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдөн азырынча майнап чыга элек. Бул тууралуу 7-апрелде Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен айтты:
"Бул тарифтер биринчи кезекте америкалык керектөөчүлөргө жана бизнеске чоң чыгым алып келет. Бирок ошол эле учурда алар дүйнөлүк экономикага чоң таасирин тийгизет. Айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөр катуу жабыркайт. Бул Америка Кошмо Штаттары үчүн негизги бурулуш болуп саналат. Бирок биз АКШ менен сүйлөшүүгө даярбыз. Көптөгөн башка соода өнөктөштөрүбүз менен ийгиликтүү иштегенибиздей, өнөр жай товарларына нөлдүк тарифтерди сунуштадык, анткени Европа ар дайым жакшы келишимге даяр, ошондуктан биз аны маңдай-тескей отуруп сүйлөшкүбүз келет".
АКШнын финансы министри 70тен ашык өлкө Ак үйгө соода төлөмдөрү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо сунушу менен кайрылганын билдирди. Бирок бийлик кайсы өлкөлөр талкууланып жатканын ачыктаган жок жана сүйлөшүүлөр тууралуу толук маалымат бериле элек.
Жаңы тарифтер
АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын бардык соода өнөктөштөрүнө тарифтер киргизилгенин 2-апрелде жарыялаган.
Кытайдан импорттолгон товарларга 34 пайыздык, Евробиримдик өлкөлөрүнө 20 пайыздык, Жапонияга 24, Индияга 26 пайыздык, ал эми АКШга импорттоочу дагы ондогон өлкөлөргө 10 пайыздык базалык тариф киргизилгени белгилүү болгон.
Жарыяланган тизмеде Орусия жок. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстанга 27 пайыз болсо, калган Кыргызстан баштаган төрт өлкөдөн АКШга сатылган товарлар базалык 10 пайыздык тарифке туш болот.
Ал тапта казак бийлиги жаңы тарифтер АКШга экспорттун беш пайыздан азына гана таасир этерин билдирди. Соода министрлиги Казакстандын АКШга экспортунун 92 пайызын чийки мунай, уран, күмүш түзөрүн жана бул категориялар АКШ президентинин буйругунда камтылган өзгөчөлүктөр тизмесине киргизилгенин белгиледи.
"Киргизилген тарифтик чаралар Казакстандын АКШга экспортунун жалпы көлөмүнүн 4,8 пайызына гана таасирин тийгизет. Өкмөт Казакстанга карата кошумча алымдарды колдонбоо мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн америкалык тарап менен консультацияларды баштоодо", — деп айтылат Соода министрлигинин билдирүүсүндө.
2024-жылы Казакстан менен АКШнын ортосундагы соода жүгүртүү 4,2 миллиард долларды түзгөн. Казакстан АКШга негизинен чийки мунай, уран, күмүш, ферросплав жана башка товарларды экспорттойт.
Бардык өлкөлөргө киргизилген 10 пайыздык жаңы тарифтер 5-апрелден тартып иштей баштай турганы маалымдалган. Ал эми АКШ менен соодасынын көлөмү чоң өлкөлөрдөн импорттолгон товарлар үчүн тарифтер 9-апрелде күчүнө кирди.
Трамп 2-апрелдеги сөзүндө башка өлкөлөр киргизген пошлиналар жана "эбегейсиз соода тоскоолдуктары" АКШда өстүрүлгөн, өндүрүлгөн айыл чарба продукциясы үчүн дүйнө рыногун көпчүлүк учурда жаап койгонун, соода тартыштыгынын көбөйүшүнө жана мамлекеттик карыздын өсүп кетишине өбөлгө болгонун айткан.
АКШ президенти белгилегендей, америкалык базарга кирүүнү каалаган өлкөлөр эми "мындай артыкчылык үчүн төлөшү керек болот". Трамп былтыр президенттик шайлоо маалында мына ушул саясат үчүн өнөктүк жүргүзгөнүн, эми "ошол убадасын аткарганын" кошумчалаган.
Экономика жаатындагы талдоочулар пошлиналар дүйнөлүк экономиканы басаңдатып коёрун, рецессия коркунучун жогорулатып, АКШнын өзүндө катардагы үй-бүлөнүн күнүмдүк жашоого болгон жылдык чыгымын миңдеген долларга жогорулатышы ыктымал экенин эскертип жатышат.
Трамп пошлиналар америкалык фермерлер, кесипкөй жумушчулар, автомобилдик өнөр жай тармагында иштегендер үчүн пайда гана алып келерин, жалпы экономиканы жакшыртарын айтууда. Ал дүйнөдөгү көптөгөн ири корпорациялар өндүрүшүн АКШга кайтаруу убадасын берип жатышканын билдирган.
"Жумуш орундары, заводдор кайрадан өз өлкөбүзгө кайтат, кайтып жатканын өзүңөр да көрүп жатасыңар. Биз өзүбүздүн ички өнөр жай базабыздын ишин кайра башынан баштайбыз", — деген президент АКШ үчүн чет жактардагы базарлар ачыларын, "тышкы соодадагы тоскоолдуктар талкаланарын", натыйжада "өндүрүштүн көбү өлкөнүн өзүнүн ичинде болсо атаандаштык күчөй турганын, баа кыйла төмөнүрөөк болорун" айткан.
Трамптын билдирүүсүнөн кийин АКШ администрациясынын Экономика боюнча кеңешчилер бирлигинин төрагасы Стивен Миран тарифтер "кыска мөөнөттүү сокку" сымал болорун айткан. Fox Business телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып ал Трамптын максаты "америкалык экономиканын башкаларга карата узак мөөнөттүү трансформациясын, ачыгыраак, туруктуу жана адилет болушун камсыз кылуу" экенин белгилеген.
Трамп АКШга импорттолуучу болоттун жана алюминийдин баарына 25 пайыздык, Кытайдын бардык товарына 20 пайыздык пошлинаны буга чейин эле киргизген.
Шерине