Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

Депутат Кожокулова журналистке карата камоодон башка бөгөт чарасы колдонулса болмогун айтты


Канышай Мамыркулова.
Канышай Мамыркулова.

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова сотторго арыз-даттануу көп болуп жатканын белгилеп, кылмышка шектүүнүн бөгөт чарасын кароодо башка жагдайлар эске алынбай, көп учурда камакка алуу түрү тандалып жатканын сынга алды. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн 8-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында айтты.

"Жакында блогердин кармалышы коомдо резонанс жаратты. Ал аял мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Ушул жагдайларды эске алса болот да. Кылмыш-процессуалдык кодексте мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаса, туруктуу жашаган жери болсо камоодон башка дагы чаралар ачык белгиленген да. Эмнеге үй камагы, башка жака чыкпоо тил каты, күрөө дегендер колдонулбайт? Эмнеге ар тараптуулук жана адамдык мамиле жок?", - деди Кожокулова.

Эл өкүлү бүгүнкү күндө тергөө судьяларынын чечимдерине тийиштүү көзөмөл болбой жатканын белгиледи.

Бул күнү аталган комитет “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулап, биринчи окууда жактырышты.

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган. Жактоочулар соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанышкан.

Канышай Мамыркулованын милиция кызматкерлеринин иш-аракетине каршы жазылган арызы боюнча соттук отурум 9-апрелде Свердлов райондук сотунда болорун активист Аманбол Бабакулов 7-апрелде Фейсбук баракчасына жазды.

Шаардык милиция Мамыркуловага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен айып койгон.

21-мартта өлкөдөгү укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошкон. Кайрылууда журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган.

Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) кыргыз бийлигин Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.

49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG