Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

ЖКда журналист Мамыркулованын камалышы боюнча маселе көтөрүлдү


Канышай Мамыркулова.
Канышай Мамыркулова.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында эркин журналист Канышай Мамыркулованын камалышы боюнча маселе көтөрүлдү. Эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев журналисттин кармалышы боюнча Акыйкатчы институту кандай баа берип жатканына кызыкты.

"Канышай Мамыркулова боюнча кандай баа берип жатасыздар, бүгүнкү күндө күч органдары иш козгоп, кандай күнөөлөрдү коюп жатканын сиздер дагы териштирип, туура же, туура эмес деген чечимге келишиңиздер керек да. Сиздер дагы бул туура камалып атат же туура эмес деп өзүңүздөрдүн сөзүңүздөрдү сотто барып айтышыңыздар керек. Кыргызстандагы ар бир жарандын укугун коргоочу силерсиңер, ошондуктан Акыйкатчы институту деп айтылат", - деди Түмөнбаев.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева сот процесстерине алар байкоочу катары гана катыша алышарын, укуктары чектелгенин белгиледи. Ал өзү жетектеген мекеме өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында иш алып барып жатканын, Мамыркуловага барып жолугуп чыгышканын кошумчалады. Анын айтымында, журналист укук коргоо органдары өзүн мыйзамсыз кармаганын билдирген.

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган. Жактоочулар соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанышкан.

Канышай Мамыркулованын милиция кызматкерлеринин иш-аракетине каршы жазылган арызы боюнча соттук отурум 9-апрелде Свердлов райондук сотунда болорун активист Аманбол Бабакулов, бүгүн 7-апрелде Фейсбук баракчасына жазды.

Шаардык милиция ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен айып койгон.

21-мартта өлкөдөгү укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошкон. Кайрылууда журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган.

Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) кыргыз бийлигин Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.

49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG