Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Интернеттеги жоопкерчиликти күчөтүүчү мыйзам долбоору парламентте карала баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтүнүн интернеттеги жоопкерчиликти күчөтүп, фейк аккаунттар аркылуу жалган, анык эмес маалыматтарды таратууну жана мамлекеттин, адамдын, уюмдардын кызыкчылыктарына каршы аракеттерин чектөө үчүн Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде карала баштады.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев 8-апрелде Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттарга маалымат берди.

"Жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайттарда, социалдык тармактарда коомдук тартипти, жарандардын жана уюмдардын мамлекет коргогон жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуу менен жалган, анык эмес маалыматтарды жайгаштыруу, жайылтуу аракеттерине жоопкерчилик кароо сунушталат. Укук бузуулар боюнча иштерди сот карайт. Ишенимдүү маалыматты жайылтууга жана интернеттеги контентти керектөөдө сынчыл ой жүгүртүүнүн зарылдыгы тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт", - деди Аширходжаев.

Айрым депутаттар бул өзгөртүүлөр буга чейинки кабыл алынган фейк маалыматтар, жалган жалаа жабуунун жоопкерчилиги тууралуу мыйзамдарды кайталап калбасын эскертишти. Депутат Алишер Эрбаев мурда кабыл алынган мыйзамдар жетишсиз болуп жатабы деген суроосун узатып, мыйзам долбоору толуктап иштеп чыгууга муктаж экенин белгиледи.

Жыйынтыгында аталган комитет мыйзам долбоорун 1-окууда карап, кабыл алды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда жалган маалымат таратууга айыппул салуу тууралуу жаңы мыйзам долбоору марттын башында парламентке жиберилген. Бул өзгөртүү мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген, коомдук тартипти жана жарандардын укуктарын бузушу мүмкүн болгон фейк маалыматтарга каршы багытталганы айтылган.


Ушундай эле жалган маалымат тараткан адамдарга административдик айып салуу менен коштолгон мыйзамга президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда кол койгон.

Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ал социалдык тармактарда фейктерге каршы иштей турганы айтылган. Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган жалпыга маалымдоо каражатын соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет.

Аталган мыйзамдын алкагында кезинде бир нече медианын сайты бир канча убакыт бөгөттөлүп, кайра ачылды. Кээлери дале жабык турат.

Мындан сырткары башка мыйзамдардын негизинде соңку 4-5 жылдан бери социалдык тармактардын ондогон колдонуучулары кармалып, камалышты.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG