Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Сибирде катуу бороондон улам өрт тутанды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сибирдин бир канча аймактарында ишембиде бороондон улам өрт тутанып, тилсиз жоо калктуу конуштарга чейин жайылган. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 30 метрге чейин жеткен.

Хакасияда шамалга байланыштуу өзгөчө кырдаал кирген. Аймактын башчысы Валентин Конвалов катуу шамалдан улам муниципалитеттерде өрттүн 43 очогу катталганын билдирди.

Акыркы маалыматтарда катуу шамалдан төрт киши жабыркаган. Бороон Абакан, Черногорск жана Усть-Абакан райондорунда үйлөрдүн жана социалдык объекттердин чатырын кыйратып кеткен. Мындан тышкары муниципалитетте электр берүү үзгүлтүккө учураган.

Mash Siberia Телеграм-каналы Новосибирскинин жарымы жана облустагы алты район электр жарыгысыз калганын билдирди. Айрыкча Кочкоров, Карасук, Черепанов жана Чулым райондорунда кыйроо көп болгон.

Орусиянын Сибирь жана Ыраакы Чыгыш аймактарында 2022-жылы да 3 млн гектар токой өрттөнүп кеткен. Күйүп кеткен жалпы аянттын жарымына жакыны Хабарск аймагына туура келип, 1,68 млн. гектар токой өрттөнгөн. Мунун 746 миң гектарында өрт өчүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес.

Окумуштуулар соңку жылдардагы климаттын ысышы жана антропогендик факторлордон улам Жер жүзүндөгү токойлорун өрт чалып жатканын айтып келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG