Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:43

Өзбекстанда мечиттеги жарылууда үч адам каза таап, ону жабыркады


Өзбекстандагы жардыруу болгон мечи. 31-март, 2025-жыл.
Өзбекстандагы жардыруу болгон мечи. 31-март, 2025-жыл.

31-мартта Өзбекстанда мечитте жарылуу болуп, үч адам каза болду. Дагы 10 киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, окуя дүйшөмбү күнү түшкө маал Анжияндын Избаскан районундагы мечитте болгон. Адегенде алты адам жабыркаганы, кийин алардын саны онго жеткени кабарланды.

Алдын ала маалыматта жардырууга даарат алган жайдагы газ себеп болгону айтылды. Натыйжада мечит жарым-жартылай кыйрап, анын чатыры жана дубалдарына зыян келтирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгондордун жана жабыркагандардын тизмесин жарыялады.

Окуя боюнча Анжиян облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 205 жана 259-беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иши башталды. (AiA)


Шерине

XS
SM
MD
LG