Литвада машыгуу учурунда дайынсыз жоголгон үч америкалык аскердин сөөгү сазга чөгүп кеткен аскердик техниканын ичинен табылды. Төртүнчү жоокерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу АКШнын Европадагы жана Африкадагы куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы 31-мартта билдирди.
Командачылык жоголгон аскерлерди табууга көрсөткөн жардамы үчүн Литва менен Польшанын аскерлерине ыраазычылык билдирди. Издөө иштерине тик учактар, дрондор жана аскерлер тартылганы маалымдалган.
25-мартта АКШнын армиясына таандык M88 Hercules чопкутталган унаасынын төрт кишиден турган экипажы машыгууга катышып жаткан жеринен дайынсыз жоголгон.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Варшавага болгон сапарында экипаждын мүчөлөрү каза болгонун, бирок аскердик командачылык бул тууралуу кабарлабай жатканын билдирген.
Аскерлер дайынсыз жоголгон Пабраде полигону Литванын Беларус менен чек арасынан бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан. (AiA)
Шерине