Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:44

Европанын алты өлкөсү Орусияга жаңы санкция киргизүүгө даяр экенин жарыялашты


Министрлердин жолугушуусу Испаниянын борбору Мадрид шаарында өттү. 31-март, 2025-жыл.
Министрлердин жолугушуусу Испаниянын борбору Мадрид шаарында өттү. 31-март, 2025-жыл.

Германия, Франция, Италия, Польша, Испания жана Улуу Британия (G5+ өлкөлөрү) Орусияга каршы санкциялык басымды күчөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен Европа Биримдигинин тышкы саясий мекемесинин башчысы Кая Калластын биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

Билдирүүдө бул өлкөлөр Орусияга Украинага каршы согушун жүргүзүүсүнө тоскоолдук кылуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланып, мындан ары да кысым көрсөтүүгө даяр экени жазылган.

Алар ошондой эле Орусия согушту токтотуп, Украинага келтирген зыяндын чыгымын төлөп бермейинче Батыш өлкөлөрүндөгү орус активдери тоңдурулган бойдон калуусу керектигин дагы бир жолу кайталашты.

Бул өлкөлөр "Украинанын аскерий жана коргонуу өнөр жайын же ага өнөктөш өлкөлөрдүн аскерин Украинага жайгаштырууну" чектей турган эч бир тынчтык келишимин кабыл албай тургандыгын айтышты.

"Евроатлантикалык коопсуздукка, Украинанын көз каранды эместигине, эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө шек келтирген келишим болушу мүмкүн эмес" деп айтылат билдирүүдө.

Министрлер ошондой эле Орусияны ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө "создуруу тактикасын" токтотууга чакырып, Украина эч кандай шартсыз толук ок атышууну токтотууга макул болгонун жана муну менен "тынчтыкка бекем умтулуусун" көрсөткөнүн белгилешти:

"Орусия өзүнүн Украинага каршы агрессиясын токтото элек. Орусия жаңы шарттарды коюп, Украинанын шаарларына жана инфраструктурасына зыян келтирип, жай тургундарга кол салуунун ордуна согушту токтотууга дилгир экенин көрсөтүшү керек".

Орусияга карата Европанын санкциялары Москва 2022-жылы Украинага кеңири масштабдуу согуш ачкандан кийин киргизилген. Алардын арасында Орусиядан көмүр, бриллиант, алтын жана алюминий импорттоого тыюу салуу да каралган. (AiA)


Шерине

XS
SM
MD
LG