Кыргызстанда өткөн жылы мал-жандыктарды эмдөө үчүн 164 млн сом бөлүнгөн. Каражат вакцина, таблетка жана диагностика каражаттарын алууга жумшалган.
Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын жетекчисинин орун басары Бакыт Шарапов "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, малдын тогуз ылаңына каршы эмдөө февраль айында түштүк аймактарда башталган.
Мамлекеттин атайын токтому менен бруцеллез, күл оорусу (оспа), күйдүргү, эхинококкоз ж.б. кооптуу тогуз ылаңга каршы вакцина акысыз берилет.
"Андан тышкары жеке ветеринарларга биокаражат сакталуучу муздаткычтарды, термочемодан, мындан тышкары жеңилдетилген 3% насыя берүү каралууда. Алар аймакта жеке ветеринардык клиникаларды куруп алса болот", - деди Шарапов.
Шараповдун белгилешинче, эмдөө иши райондор менен келишим түзгөн 1100 ветеринарга жүктөлгөн.
Кыргызстанда элеттеги ветеринарлар мамлекеттен айлык албайт. Алар райондук башкармалыктар менен келишим түзүп иштейт. Төрт түлүктү эмдегени жана каттап бергени үчүн мал ээси ветеринарга тиешелүү акы төлөөгө тийиш.
Ветеринардык кызмат учурда өлкөдө 1 млн 828 миң бодо мал, 6 млн 282 миң кой-эчки, 553 миң жылкы, 7,7 млн үй канаттуусу бар экенин билдирди. (ST)
Шерине