Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:13

Башкы прокуратуранын алдында дагы бир адам өзүнө өрт койду


Башкы прокуратуранын имараты.
Башкы прокуратуранын имараты.

31-мартта Башкы прокуратуранын имаратынын маңдайында жайгашкан автоунаа токтотуучу жайда бир адам өзүнө өрт койгон. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө өзүн өрттөгөн адам 65 жаштагы Ф.И. экени аныкталган. Буга Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмү ага алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгогону негиз болгон. Кылмыш иши тергелип бүтүп, райондук сотко өткөрүп берүү үчүн Москва районунун прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Социалдык тармактарда Башкы прокуратуранын алдында белгисиз адам өрт коюп, аны бир адам жана милициянын формасын кийген дагы бир кызматкер өчүрүп калганы тартылган видео тарады. Анын ден соолугу тууралуу азырынча маалымат жок.

20-январда эле Башкы прокуратуранын алдында дагы бир адам өзүн өрттөп жиберген. Кыргызстанда “акыйкаттык тапкан жокмун” деген себеп менен адамдар өзүнө өрт койгон учурлар буга чейин да кездешкен. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG