Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин "Арабадагы ыр" аттуу жыйнагы жарык көрдү. Ага акындын тандалма ырлары кирген.
Март айынын башында үч томдон турган “Агындылар” китеби 10-жолу жарык көргөн.
Акындын эки китеби тең "Турар" басмаканасынан ар бири миң нускада басылып, сатыкка чыкты.
“Аптап”, “Кайдыгерлик”, “Эки дөөнүн күрөшү” баштаган бир канча китептин автору Шайлообек Дүйшеев быйыл 75 жашка толду.
Шайлообек Дүйшеев II жана III даражадагы "Манас" орденинин, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын, Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык адабий сыйлыктын, КМШ мамлекеттеринин Чыңгыз Айтматов атындагы парламенттер аралык сыйлыгынын лауреаты.
2023-жылы түрк дүйнөсүндөгү үзүрлүү эмгеги үчүн ТҮРКСОЙ акынга алтын медалын ыйгарган.
Акын "Азаттык" менен бир канча жыл үзүрлүү кызматташып, "Миңсанат", "Сөз дайра" рубрикаларын эфирге чыгарып келген. (ST)
Шерине