Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:00

Депутаттар буздурулуп жаткан үйлөр боюнча маселе көтөрүштү


Чыңгыз Айтматов проспектин кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Чыңгыз Айтматов проспектин кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында айрым депутаттар Кыргызстанда убагында мыйзамсыз курулган деген негизде буздурулуп жаткан жеке турак жайларга, мүлккө кенемте төлөп берүү маселесин көтөрүштү.

Депутат Исхак Масалиев Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги Киргизия конушунун тургундары ушундай эле маселе менен ага кайрылганын айтып, адамдардын буздурула турган объектилеринин мыйзамдуулугу, кенемте төлөп берүү иши тууралуу талкуу кылуу сунушун берди.

“Шаарды өнүктүрүп, кооз кылыш керек. Бирок мыйзамдуу жол менен кылганыбыз оң болот. Кенемте деген бар. Анан “жок, берилбейт, мен өзүмө үй салып жатам” деген сөздөрдөн алыс болушубуз керек. “Кийинки жылы меймандар келет. Ошолорго жол салабыз” деген аргумент эмес”, - деди ал.

Депутаттар Улугбек Ормонов, Элдар Абакиров да ушундай эле маселелерди көтөрүп, ушул тапта жер-жерлерде "кызыл сызыкка" чыгып кеткен деген негизде бир топ үйлөр буздурулуп жатканын, турак жайынын документи бар адамдарга кенемте төлөнүшү керектигин айтышты.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Чыңгыз Айтматов проспектисин кеңейтүү иши президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүрүп жатканын билдирген. Анын сөзүнө караганда, быйыл жана кийинки жылы Кыргызстанда бир катар эл аралык саммиттер өтөт. Ушуга байланыштуу жол кеңейтилип жатат.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чыңгыз Айтматов проспектисин кеңейтүү ишинин алкагында Киргизия конушундагы 66 үйдүн дубалынын бир бөлүгүн бузуу пландалып жатканын билдирген.

Конуштун тургундары мэриянын аракетин мыйзамсыз деп баалап, жеке менчик укугу бузулуп жатканын айтып чыгышкан.

Мэрия Чыңгыз Айтматов проспектиндеги автоунаа жолун кеңейтип, алты тилкелүү трасса курууну, четине велосипед тепкендер үчүн өзүнчө жол жана тротуар салууну пландап жатат.

Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулуп, анын ордуна “Ынтымак ордо” деп аталган президенттин администрациясы 2024-жылы август айында ишке берилген. Азыр мамлекет башчы жана анын аппараты ушул имаратта иштейт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG