Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:03

Кыргызстанда окуучулардын билимин баалай турган PISA сынагы башталды


Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 1-апрелден тартып окуучулардын билим жетишкендиктерин эл аралык баалоо программасынын (PISA-2025) негизги изилдөөсү башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, тестирлөөгө өлкөдөгү 197 жалпы билим берүү уюмунан 6700дөн ашуун окуучу катышат. Изилдөөнү өткөрүү үчүн Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти 14 мобилдик топ түздү, алардын ар биринде координатор, IT адиси, тестирлөөнүн администратору жана айдоочу бар.

Процессти жөнгө салуу жана башкаруу үчүн 308 ноутбук даярдалды. Ар бир окуучу үчүн уникалдуу логин жана сыр сөздөрдү түзүүчү Maple системасы иштелип чыгып, Кыргызстанга берилди. Бул тестирлөөнүн купуялуулугун жана тактыгын камсыздайт.

Тестирлөө ушул жылдын 30-апрелинде аяктайт. Изилдөөнүн жыйынтыктоочу отчёту 2026-жылдын аягында жарыяланат, ал Кыргызстандагы билим берүү системасынын абалы боюнча кеңири талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берери айтылды.

PISA (Programme for International Student Assessment) – мектеп окуучуларынын окуудагы жетишкендиктерин баалоочу эл аралык программа. Тест түрүндө 2000-жылдан бери үч жылда бир өткөрүлүп келе жаткан сынакка 15 жаштагы окуучулар катыша алышат.

Ага Кыргызстан 2006 жана 2009-жылдары катышып, акыркы орунду алгандан кийин катышпай келаткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG