Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Ушул жылдын эки айында 4 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды


Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция. Бишкек. Архив.
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция. Бишкек. Архив.

Кыргызстанда 2025-жылдын январь айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 1613 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2024-жылдын ушул айына салыштырганда 23% же 302 учурга көп.

Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 411 протокол түзүлүп соттордун кароосуна жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 111 адам коомдук ишке тартылып, 196 киши камакка алынган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, ал эми февраль айында 3174 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул өткөн жылдын ушул айына караганда 26% же 651 фактыга көп.

Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков министрликтин 2024-жылы аткарган иши тууралуу маегинде Кыргызстанда быйыл үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөш күчөтүлөрүн айткан.(BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG