Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:07

Израилде өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп жатат


Израилдеги өкмөткө каршы акциялар. Архивден алынган сүрөт.
Израилдеги өкмөткө каршы акциялар. Архивден алынган сүрөт.

27-мартта Израилде миңдеген адамдар кайрадан көчөгө чыгып, өкмөттүн жаңы мыйзамына каршы нааразылык билдиришти. Демонстранттардын пикиринде, бул мыйзамдын алкагында соттор көз карандысыздыгын жоготуп коюшат.

Андан тышкары, акцияга чыккандар Израилдин бийлигине ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп табылган) тобу менен макулдашууга жетишип, барымтадагы адамдарды бошотууга аракет кылышы керек деген талап коюшту. Бул тууралуу dpa агенттиги жазды.

Ошол эле күнү Израил парламентиндеги 120 депутаттын ичинен 67си бул мыйзамды колдоп, бир гана депутат каршы добуш берди. Оппозиция добуш берүүнү бойкот кылды.

Бул мыйзам премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга сот реформасын мындан ары илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк берет. 2023-жылы бул реформа өлкөнүн тарыхында эң ири нааразылык толкунун жараткан. Бирок ошол жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилге кол салып, Газа тилкесинде согуш башталганда реформа токтотулган болчу.

Нетаньяху 2023-жылдын башында премьер-министрликке кайтып келгенден кийин баштаган бул реформа кабыл алынса өкмөт сотторду дайындоодо толук көзөмөлгө ээ болот.

2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилге кирип барып, 1200гө жакын жайкын тургунду өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алып, Газа секторуна чыгарып кеткен. Кийин алардын айрымдары бошотулган же туткун айырбаштоо жараянынын алкагында кайтарылган, кээ бирлери каза болгон.

Израил ХАМАСка согуш жарыялаган. ЦАХАЛдын Газа тилкесинде жүргүзгөн аскердик операцияларында 50 миңден ашуун адам каза болуп, 111 миңден көбү жарадар болду деп билдирет анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы.

Шерине

XS
SM
MD
LG