Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:58

Түркиядагы акцияларды чагылдырган Би-би-синин журналисти депортацияланды


Түркияда Стамбулдун кызматтан четтетилген мэри Экрем Имамоглунун камалышына каршы чыккандарды полиция суу бүркүп таркатууда. 23-март, 2025-жыл.
Түркияда Стамбулдун кызматтан четтетилген мэри Экрем Имамоглунун камалышына каршы чыккандарды полиция суу бүркүп таркатууда. 23-март, 2025-жыл.

Бир нече күндөн бери Стамбулдун кызматтан четтетилген мэри Экрем Имамоглунун камалган соң тутанган толкундоолорду чагылдырып жүргөн Би-би-синин кабарчысы Марк Лоувен Түркиядан 27-мартта чыгарылды. Бул тууралуу аталган маалымат кызматы кабарлады.

"Бүгүн таңга жуук (27-март) Түркиянын бийлиги Би-би-синин кабарчысы Марк Лоувенди Стамбулдан чыгарды. Аны бир күн мурда мейманканадан кармап кетишип, 17 саатка камашкан. Бейшемби таң эрте ага жазуу түрүндө "жарандык тартипке коркунуч туудуруп жатат" деген негиз менен чыгарыла турганы боюнча билдирүү берилди", - деп жазылат маалымат каражаты тараткан билдирүүдө.

Лоувен алты жылдан бери Түркияда жашаганын жана депортацияланышы ага оор тийгенин жазды.

"Басма сөз эркиндиги жана обьективдүү маалымат берүү ар бир демократиянын негизги принциптерине кирет", - деп жазды ал.

Кийинки президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдогандын негизги атаандашы болору күтүлүп жаткан Экрем Имамоглу 18-мартта кармалган. Ага жемкорлук жана опузалап акча талап кылуу сыяктуу бир катар айыптар тагылып жатканы маалым болгон. 54 жаштагы Имамоглу менен анын командасынын бир нече мүчөсү да кармалган. 23-мартта сот аны расмий камакка алуу чечимин чыгарган.

Имамоглунун камалышына каршылыгын билдирип Түркиянын ар кайсы аймактарында түмөндөгөн адам нааразылык акциясына чыгышты.

Аларды полиция суу бүркүп таркатууга аракет кылды. Бир нече күндөн бери акцияга чыккандардын арасынан 1400дөн көп адам кармалды. Алардын баары жана оппозиция Имамоглунун камалышынын саясий мүдөсү бар экенин айтып келишет.

Юстиция министрлиги Имамоглунун камалышына түрк бийлигинин, тактап айтканда Эрдогандын тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Кармалгандардын арасында журналисттер да бар. Алардын ичинен француз агенттигинин сүрөтчү-журналисти жана бир нече түрк репортерлору бир нече күн камакта отургандан кийин бошотулду.

Шерине

XS
SM
MD
LG