Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Орус армиясы Украинанын аймактарына "Шахеддер" менен сокку урду


Орус армиясынын Сумы шаарына жасаган аба чабуулунун кесепетинен талкаланган көп кабаттуу үй. 24-март. 2025-жыл.
Орус армиясынын Сумы шаарына жасаган аба чабуулунун кесепетинен талкаланган көп кабаттуу үй. 24-март. 2025-жыл.

Орусиянын армиясы 25-мартка караган түнү Украинанын Киев, Сумы жана Запорожье облустарына сокку урду.

Запорожье облусунда жабыркагандар бар экенин жергиликтүү бийлик билдирди.

Облус губернатору Иван Федоровдун айтымында, "Шахед" дрону жеке турак үйгө тийип, эки киши жараат алды.

Киев облусунда учкучсуз аппараттардын соккусунан Фастов жана Борисполь райондорундагы кампаларда өрт тутанды. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик башкармалыгы билдирди.

Сумы облусундагы кыштактардын биринде дрон соккусунан бир үй өрттөнүп кеткен.


Херсондо дрон чабуулунан бир адам жаракат алды. Облустук аскердик администрациянын маалыматы боюнча, 19 жаштагы жигит ооруканага жеткирилди.

Полтава облусунда дрондордун соккусунан эки адам жабыркады. Облустук аскердик администрациянын башчысы Владимир Когуттун айтымында, Миргород районундагы ишкана бутага алынган. Жабыркагандардын бири ооруканага жаткырылды.

24-мартта Сауд Арабиясында Орусия менен АКШ делегацияларынын Украинадагы согушту жайгаруу боюнча жолугушуусу өткөн. 12 саатка созулган ал сүйлөшүүлөрдө кандай чечимдер кабыл алынганы азырынча белгисиз. Эки тараптын жолугушуусу аяктай электе орус армиясы Украинанын Сумы шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү бутага алып, абадан чабуул койгон. 100гө жакын киши жабыркап, бир топ үйлөр суусуз, электр жарыксыз калган.



Шерине

XS
SM
MD
LG