Кыргызстандагы Апрель ыңкылабына 12 жыл болду. Бул күнү Бакиевдин үй-бүлөлүк режимине каршы чыккан демонстранттарга ок атылган. Бишкектеги Ак үйдүн алдында 87 киши каза таап, 400дөн ашууну жараат алган. Андан бери 12 жыл арылыгында жараат алгандардан дагы 65 киши көз жумду. Азыркы тапта Апрель ыңкылыбынын курмандыктарынын жалпы саны 150дөн ашты.
"12 жылдан кийин Дуулаттан айрылдык..."
2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта ок тийген жарандар “Айкөл Ала-Тоо” деген коом түзгөн. Алардын эсебинде, соңку 12 жыл ичинде ошондо алган жараатынан улам 65 адам каза болду. Ал күнү көз жумган 87 жаранды кошкондо, 12 жыл мурдагы ыңкылаптын курмандыктары 152 кишиге жетти.
Биз Белла Абдраеваны 1-апрелде Улуттук онкология жана гематология борборунун алдынан кезиктирдик. Ал жумуштан чыгып, Апрель окуясында ок жеген жолдошу Дуулат Бейшеналиевди караганы ооруканага келген. Бейшеналиев бир нече күндөн бери эсине келе албай, кайра жандандыруу бөлүмүндө экен.
"Кан рагынан улам баса албай, жөөлүп сүйлөп калды. Заарасы дагы чыкпайт. Дарыгерлер абалы оор экенин айтып жатат. Бирок, бизде жашап кетет деген үмүт бар. Анын ден соолугун 2010-жылы бутуна тийген ок жеп койду", - деди жубайы Белла.
Тилекке каршы, Белланын үмүт акталбады. Дуулат Бейшеналиев 4-апрелге караган түнү каза болду деген суук кабар уктук.
Ага 2010-жылы 7-апрелде эки ок жаңылып, бири сол бутуна такалып калган. Анын айынан кан рагы менен ооруп, соңку жылдары бир нече жолу химия алган экен.
"Азаттык" 2021-жылы Дуулат Бейшеналиев боюнча берүү жасаган. Анда ыңкылапчы ден соолугу начарлап кеткенин, дары-дармекке акчасы жетпей кыйналып жүргөнүн айткан. Ден соолугун калыбына келтирүү максатында бир нече жолу насыя алып, тааныштарына карыз болгонун да айтып берген. Ошондо эле өсмөгө (рак) айланган жараатынан айыгуу оор экенин кошумчалаган.
"Ок баары бир түбүңө жетет экен. Кандай дарылансаң деле оңдурбайт окшойт. Бирок үмүтүм бар. Дагы деле жашагың келет экен. Бүт жерди коррупция басты. Ооруканага акчаң жок кире албайсың. Биздин үмүт акталган жок", -деген эле Бейшеналиев 2021-жылы 4-апрелде.
Дуулат Бейшеналиев 2010-жылдан кийин Бишкектеги Жал кичи районундагы мамлекет берген үйдө жашады. Андагы бет маңдай жайгашкан эки үйдүн биринде революция учурунда жараат алгандар, экинчисинде каза болгондордун жакындары жайгашкан. 144 үй-бүлөнүн кайгысы да, тарабаган күйүтү да бир.
Сыртбай Айнидиновдун жалгыз уулу Адилет көзү тирүү болгондо быйыл 38ге чыкмак. Ал 2010-жылы чет өлкөгө кетүү максатында корей тилин үйрөнүп жүргөн. 7-апрелде жаш жигиттин кыялы өзү менен чогуу кыйраган.
Ага эки ок атылып, бири бутуна тийсе, экинчиси жүлүнүн үзүп кеткен.
"Төрт жыл сотто жүрдүм. Бирөөнү да калтырган жокмун. Снайперлерден, милициядан эч ким соттолгон жок. Эч кимиси аткан жок дешет. Балдарыбыз өздөрү өлгөндөй болду. Кээ бири үч-төрт жылга кесилди. Жабырлануучуларда бекер иштеген бир жактоочу болсо, айыпталгандардын ар бирин үч-төрт жактоочу коштоп жүрдү. Алмашып, шакылдашып сөз беришпейт, ызы-чуу. Бизди уккан киши болгон жок. Ошол учурдагы башкы прокурор азыр депутат",-деди Сыртбай Айнидинов.
Талант Кашкарбеков 7-апрелди өзүнүн экинчи туулган күнү катары эсептейт. Анткени, күрөө тамырынан жараат алганда, анын аман калышына дарыгерлер да ишенген эмес. Ал каргашалуу окуяга чейин Бишкекте коомдук транспорт айдап иштеп келген. Андан кийин майыптыгынан улам жумушка орношо албай койду.
“Октун чачырандысы ушул жерге такалып калган. Кан тамыр менен келип такалып калган. Стенд кармап турат. Өйдө кетсе мээге кан барбай калат. Күн сууктаганда колу-бутум карыша баштайт. Биз Кыргызстан өзгөрөт деген үмүт менен чыкканбыз. Бирок андай болгон жок, жылыш болбоду. Мындайча айтканда, шахматтык партия эле болду. Ошондон бери 70тей бала өтүп кетти. Алардын тажыясына бара берип чач агарды...".
Апрель окуясына алып келген себептер
2005-жылы Жоогазын ыңкылабынын шарапаты менен бийликке келген Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык башкаруусуна, үй-бүлөлүк бизнесине каршы күрөшү 2010-жылы Апрель окуясына өсүп жеткен.
Ал бир тууганы Жаныш Бакиевди Мамлекеттик күзөт кызматынын башчылыгына дайындаса, уулу Максим Бакиев Инвестиция, инновация жана өнүгүү боюнча борбордук агенттигине (ЦАРИИ) жетекчиси болгон. Мындан башка да бир туугандары ар кыл кызматтарды ээлеген.
Оппозиция Бакиевдин жакындары өз кызыкчылыгын көздөп, ага каршы чыккандарды куугунтуктап, атүгүл жок кылууда деп айыптаган. Чынында эле 2005-жылдан соң өлкөдө 30дан ашык жалданма киши өлтүрүү орун алган.
Алардын арасында каскадер Үсөн Кудайбергенов, спортчу Раатбек Санатбаев, депутаттар Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Тынычбек Акматбаев, Руслан Шаботоев, Санжар Кыдыралиев, президенттик аппараттын экс-жетекчиси Медет Садыркулов, эксперт Сергей Слепченко, журналист Геннадий Павлюк сыяктуулар түшүнүксүз жагдайда жана киши колдуу болуп каза тапкан.
Мындан тышкары, Курманбек Бакиевдин бийлигинин убагында журналисттер ур-токмокко алынып, өлтүрүлүп, кээси куугунтукталган. Бир катар эркин маалымат каражаттары жабылган. Парламенттик шайлоодо оппозициячыл партияларга бут тосулуп, Жогорку Кеңештин басымдуусун бийликчил “Ак жол” партиясы көзөмөлдөп калган.
Апрель ыңкылабынын алдында өлкөдө электр энергиясына тариф көтөрүлүп, мобилдик байланыштан кошумча акы алына баштаган. Дал ушул себептерден улам Нарын, Талас облустарында башталган нааразылыктар бүткүл өлкөгө жайылган. 6-апрелде өлкөдөгү дээрлик бардык оппозициячыл лидерлер камакка алынган.
Аларды бошотуу талабы менен чыккан эл 7-апрель күнү Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимин кулаткан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен четке качып кеткен. Андан бери мурдагы президент жана анын бир катар үй-бүлө мүчөлөрү Беларустун борбору Минскиде баш калкалап келет.
7-апрелдеги тынч жарандарга ок атуу боюнча 30дан ашык адамга айып тагылган. Алардын арасында мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою эркинен ажыратылып, уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген.
Ал эми кичүү уулу Максим Бакиев бир нече кылмышка айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.
Мындан сырткары Бакиевдик башкаруу учурунда бийликте турган Мурат Суталинов 20 жылга, Каныбек Жороев, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов 10 жылдан, ал эми Данияр Дунганов менен Нурлан Темирбаев 25 жылдан кесилген. Азыркы күндө булардын баары жаза мөөнөтүн өтөп бүттү. Айрымдарынын соттуулугу жоюлуп, кайрадан бийлик органдарына кайтып келди.
Апрель ыңкылабынан соң бийлик 14 адамдан турган Убактылуу өкмөттүн колуна өткөн. Конституциялык реформа ишке ашырылып, өлкө парламенттик башкарууга өткөн. Бирок 10 жылдан соң 2020-жылдагы октябрдагы кезектеги элдик толкундоолордун жыйынтыгында Баш мыйзам кайрадан өзгөртүлүп, президенттин башкаруу системасы өкүм сүрүүдө. Жаңы келген бийлик “он жыл ичинде парламентаризм жана партиялык система өзүн жаманатты кылып, кландык схеманы жаратып, коррупциянын гүлдөшүнө алып келди" деген пикирди жүйө тарткан.
Ыңкылаптан кийин жетекчиликке келген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн саясий тагдыры ар кыл өнүктү. 7-апрелдин шарапаты менен президенттикке шайланган Алмазбек Атамбаев учурда бир нече айып тагылып абакта.
Атамбаев кечээ, 6-апрелде 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча кылмыш ишин караган соттук жараян учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент болуп турганда күч түзүмдөрүнө, сот органдарына катуу ишенгенин, бул анын чоң жаңылыштыгы болгонун айтты.
"Күч органдарына, ошого окшогон түзүмдөргө азыраак ишенип, көбүрөөк элге, ошол эле социалдык тармактарга, бейөкмөт уюмдарга, жарандык коомго ишенсем болмок экен. Менин чоң жаңылыштыгым күч түзүмдөрүнө катуу ишенгеним, бир нерсе жазып келсе, ошого ишенесиң. Эгер сен президент болсоң, жай тургундарды, сени менен талашып-тартышкан жарандык коомду көбүрөөк угушуң керек".
Өткөн жылдын соңунда президенттик аппарат “Дача СУ” кырсыгы, “Аврора” пансионатындагы мүлктөр жана “Июнь окуялары” боюнча кылмыш иштери иликтенип бүтүп калганын маалымдаганы бар. 2010-жылдагы июнь коогасына байланыштуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайрадан тергеле баштаганын 2021-жылдын апрелинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарыялаган эле.
Ыңкылаптын максаты жана жоопкерчилик
7-апрелди утурлай Бишкекте "Апрель окуясы: жетишкендиктер жана кемчиликтер" деген жыйын өтүп, ага Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, саясат талдоочулар, эксперттер катышты.
2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү башкарган экс-президент Роза Отунбаева эгемендүү өлкөнүн тарыхындагы бардык элдик толкундоолорду бийлик да, эл дагы эстен чыгарбашы керек деп эсептейт.
“Биз 2005-2010-жылдары Кыргызстанды “чириктерден” тазалабасак, Беларус, Казакстандагыдай абалга туш болмокпуз. Өз убагында элди дагы бошотуп, саясий майданды тазалап, өзүбүздүн духубузду көтөрдүк. Бүгүн бул окуялардын туура болгону көрүнүп жатат. Казакстанда оппозиция аягына чыгара албай калдык деп жатат”.
Акыркы жылдары айрым серепчилер Апрель окуясындагы үмүттөр акталбай калганын айтып жүрөт. Ошол кезде бийлик башына келген айрым саясатчылар 2010-жылы 6-7-апрель күндөрү Ала-Тоо аянтына чыккан элдин мүдөөсү толук аткарылбай калганын моюнга алган жайы бар.
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, атайын кызматтын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Алмазбек Атамбаевдин башкаруусунун тушунан баштап Апрель окуясынын барк-баасына доо кете баштаганын айтууда.
“Убактылуу өкмөт бир жыл, сегиз ай иштеди. Ошол мезгилде жаңы Конституцияны кабыл алды, жаңы парламент, жаңы президент шайланды. Демократиялык жол менен бийлик алмашты. Кийинки келген президент өзүн бийликке алып келген команданы, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн куугунтуктап, жаманатты кылып камады. Биз ката кетиргенибизди мойнубузга алабыз. Мен жеке өзүм 2016-2017-жылдары Атамбаевди бийликке алып келгенибиз үчүн элден кечирим сурагам. Катабызды сезебиз, билебиз. Апрель окуясын баалап, барктачу мезгил келет деп ишенем”, - деди Дүйшөбаев.
Бийликке келген Алмазбек Атамбаевдин Убактылуу өкмөт менен тиреши 2016-жылы Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесинен кийин күчөгөн. Атамбаев Отунбаева баш болгон бир кездеги саясаттагы үзөңгүлөштөрүн сындап, парламент депутаты Өмүрбек Текебаев жана бир нече депутаттар камалган.
Убактылуу өкмөт 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деген кепилдик менен 2011-жылы кабыл алынган Баш мыйзамды өзгөртүүнү Атамбаевдин өз бийлигин узартууга жол чабуусу катары сындашкан. Атамбаев Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу өкмөттүн жана өткөөл президенттин легитимдүүлүгүнө шек жаратат деп сындаган.
2010-жылы 7-апрелден кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн курамына 14 киши кирген.
Алар: Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер, Дүйшөнкул Чотонов, Иса Өмүркулов, Топчубек Тургуналиев.
Саясатчы Исмаил Исаков Апрель окуясынын жетишкендиктери менен кошо кемчиликтери дагы болгонун моюндайт. Исаков кемчиликтерин бир гана Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө оодаргысы келген күчтөр көп деген пикирде.
“Жалпысынан алганда, Апрель окуясынын аягына чыкпай жатканына коом, интеллигенция жана саясатчылар күнөөлүү. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү күнөөлүү деген туура эмес. Анткени Убактылуу өкмөт Баш мыйзамды кабыл алып берип, кызматтан баары кетти. Айрымдарыбыз элдин колдоосу менен депутат болуп келдик. Анда аракет кылдык. Азыр “ушулар баштап, аягына чыкпай калды” дегендей багытты бургусу келет. Мен жеке моралдык жоопкерчиликти гана сезем”.
12 жылдан бери Кыргызстанда төрт жолу президент алмашты. Роза Отунбаевадан кийин президент болуп Кыргызстанды алты жыл башкарган Алмазбек Атамбаев азыр камакта жатат.
Андан кийинки президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин мөөнөтүнөн мурда кетүүгө аргасыз болду. Бийликке Убактылуу өкмөткө оппозицияда болуп, 2010-жылы парламенттик шайлоодо эң алдыга чыккан “Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасынын бири Садыр Жапаров келди. Жапаров Атамбаевдин тушунда камалган.
Атамбаев жана Жээнбековдун маалында 7-апрель маанилүү иш-чара катары белгиленип келген. Өткөн 2021-жылы Апрель окуясында курман болгондорду президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде эскеришкен. Иш-чарага экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков катышкан. Жапаров билдирүүсүндө, бул окуя демократияга жол ачканын белгилеген.
"Логикалык жыйынтыгы али алдыда"
Он үч жыл өтүп Курманбек Бакиевдин тушунда жогорку кызматта иштегендердин айрымдары аткаруу бийлигине, кээси эл өкүлү болуп парламентке келди. Саясатчы Бектур Асанов муну коомчулук саясий реванш катары кабыл алгандар бар экенин айтууда.
“Азыркы бийликте отургандардын арасында Бакиевдин учурунда иштегендер бар. Реваншисттик идеялар кандайдыр бир деңгээлде ишке ашып жатат. Ошондуктан көпчүлүккө саясий реванш болгондой сезилип жатат. Бирок, 100% алар келди деген туура эмес”, - деди Асанов.
Саясат талдоочу Эмил Жураев 7-апрелдин мааниси учурда бийлик башына ким келгени эмес, элдин үй-бүлөлүк башкарууга каршы көтөрүлүп, эркиндикке карата умтулууга негиз болгон окуя катары карайт. Жураев учурдагы бийликти бул окуяга сөзсүз маани берүүгө чакырды.
“Азыркы бийлик Апрель окуясынын жетишкендиктерин тааныбай жатат. Эгерде чындап маанисине жеткен болсо, бул окуяны баалашы керек болчу. Учурдагы бийлик кандай болсо, Апрель окуясынан кийинки бийлик дагы ушундай эле болгон. Элдин өз эркиндигин колго ала билгендигинин башаты болгон ошол окуянын жыйынтыгы менен азыркылардын колуна бийлик тийди”, - деди.
Белгилүү юрист Нурбек Токтакунов 2005-жылдагы 24-март, 2010-жылдагы 7-апрель окуяларынын логикалык жыйынтыгы али алдыда деп эсептейт.
“2005-2010-жылдар кандайдыр бир ыңкылаптын баскычтары. 2010-жылы президенттик-парламенттик системанын үлгүсүн баштадык. Садыр Жапаров парламенттик башкаруунун элементтерин пайдаланып 2020-жылы бийликти алмаштырды. Демек, 7-апрелдеги окуя жыйынтыгын берди. 2020-жылдагы окуя алардын уландысы. Азыр биз революциянын жолундабыз. Францияда 100 жыл революция болгон”.
Айрым тарыхчылар Кыргызстанда буга чейин элдик толкундоолордун баарына бийликтин эл менен эсептешпеген өзүм билемдиги, жемкорлук, адилетсиздик себеп болду дешет. Үч жолку күч менен бийлик алмашуу учурунда тең системалык өзгөрүүнү талап кылган чакырыктар айтылды.
Диктаторлор узак бийлик жүргүзүп келген Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен жападан жалгыз демократиялык өлкө деп таанылган Кыргызстан алдыда беделин сактап, бекемдей алабы деген суроо турат.