Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:04

Бөкөнтаев Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды


Кубанычбек Бөкөнтаев.
Кубанычбек Бөкөнтаев.

Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 24-мартта президенттин администрациясы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев жаңы милдетин Москва шаарындагы резиденциясында иштөө менен биргеликте аркалайт.

Бөкөнтаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп 2024-жылы дайындалганга чейин Улуттук банкты жетектеген.

Эмгек жолун 1992-жылы Улуттук банктын Валюталык башкармалыгында экономист болуп иштөөдөн баштаган. 1998-2002-жылдары коммерциялык банктарда иштесе, андан кийин “Кыргызстандын банк кабарчысы”, “Банкир”, “Экономика. Банктар. Бизнес” аттуу гезит-журналдарда жетекчилик кызматтарды аркалаган.



Ортодо “Сорос-Кыргызстан” фондунда, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасында (ПРООН), Кредиттик союздарды өнүктүрүү боюнча финансылык компанияда (ФКПРКС) иштеп турган.

2006-жылы, ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 2010-жылы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн каржылык аракеттери жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин декрет менен кызматтан алынган.

Башкы прокуратура ошол кезде Улуттук банктын жетекчилигин “АзияУниверсалБанктын” ячейкаларынан 3 млрд сом жоголгону үчүн айыптаган. Бөкөнтаев бул айыптоолорду четке кагып, Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт өзү коротуп салган акчаны мойнуна илип, кылмыш ишин козгогонун билдирген.

Кыргызстан менен Армениянын ортосунда дипломатиялык алака 1993-жылдын 9-январында түзүлгөн. Азырынча эки өлкө бири-биринин аймагында элчилик ача элек.

Армениянын Кыргызстандагы элчиси Казакстандагы элчи кызматын да аткарат, анын резиденциясы Астанада жайгашкан.

Кыргызстан да, Арменияда да бир катар эл аралык уюмдун чогуу мүчөсү. Алардын бири Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ). Расмий Ереван бул уюмдагы мүчөлүгүн токтотконун 2024-жылы жарыялаган. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG