Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:04

Апрель окуясы боюнча илимий эмгектер жарыяланды


2010-жылы 7-апрелде каза болгондордун эстелиги. "Ата-Бейит".
2010-жылы 7-апрелде каза болгондордун эстелиги. "Ата-Бейит".

Апрель революциясында аянтка "ичкичтер жана баңгилер чыккан" деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу тарыхчы Аида Кубатова Элдик революцияларга арналган илимий-практикалык конференция учурунда билдирди.

Аида Кубатованын белгилешинче, илимпоздор 2020-жылдан тарта изилдөө жүргүзүшүп, анын негизинде "Элдик жеңиш: хроника жана фактылар" жана "Түбөлүк каармандар" деген эки китеп жазылган. Изилдөө учурунда тарыхчылар окуяга күбө болгон 200дөй адамды сурашкан.

"Ар кандай адамдар, медициналык кызматкерлер менен сүйлөштүк. Аймактарга чейин барып интервью алдык. Каза болгондор арасында 45 жогорку окуу жайын жана техникумду бүтүргөндөр, 36 кесиптик билими барлар болгонун аныктадык. Алгачкы каза болгон 77 адамдын медициналык документтери менен таанышып чыктык. Ошолордун арасынан 24 адамдын ашказанында эч нерсе жок, ачка чыккан экен. Алкоголь 14 адамдан табылган. Тогузу орто кызымтал, беш адамда нормадан ашык болгон. Бул демек, аянтка аракеч же баңгилер эмес, нааразы болгон эл чыкканын көрсөтүп турат".

Тарыхчы Аида Кубатова 2005-2020-жылы болгон элдик революцияларга бир катар саясий, социалдык жана экономикалык себептер түрткү болгонун белгиледи.

Апрель окуясында тактан кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин башкаруусу тушунда 30дан ашык жалданма киши өлтүрүү катталганы айтылып келет. Үсөн Кудайбергенов, Раатбек Санатбаев, Руслан Шаботоев, Геннадий Павлюк, Медет Садыркулов, Сергей Слепченко сыяктуу адамдар түшүнүксүз жагдайда жана киши колдуу болуп каза тапкан. Мындан тышкары, журналисттер куугунтукталып, сабалып, бир катар эркин маалыматтары жабылган.

Бул окуялар акырындап Курманбек Бакиевди үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык башкарууга айыптаган нааразылык акцияларынын чыгышына себеп болгон. Нааразылык акциясы алгач Нарын менен Таласта башталып, 7-апрелде Бишкекте Ала-Тоо аянтына чогулган элге каршы ок атылган.

90дой адамдын өмүрү кыйылган 2010-жылдагы Апрель окуясына быйыл 15 жыл болот. (ST)




Шерине

XS
SM
MD
LG