Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:53

Аламүдүн районунун прокурору 18-майга чейин камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Чүйдүн Аламүдүн районунун прокурору Жамалбек Сатыбалдиевди 18-майга чейин Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) камакка алды.

Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө тобунун жетекчиси берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жамалбек Сатыбалдиев Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара алуу” беренеси менен кармалганын 20-мартта билдирген. Расмий маалыматка ылайык, ал Я.к.Ж. аттуу жарандан мурда козголгон кылмыш иши боюнча бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу үчүн 80 миң сом талап кылган деп шектелүүдө.

Шектүүнүн жакындары, прокуратура жана адвокаттары маалымат бере элек.


Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.

Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт. (BTo)



Шерине

XS
SM
MD
LG