Бишкекте Элдик революцияларга арналган илимий-практикалык конференция өтүп жатат.
Тарых музейинде өтүп жаткан бул жыйын быйыл 2005-жылы 24-марттагы элдик ыңкылаптын 20, 2010-жылы 7-апрелдеги революциянын 15 жылдыгына арналган.
“Элдик революциялардын максаттары жана сабактары” аттуу жыйынды Илимдер академиясы уюштурган. Тарыхый окуяларга баа берип, талдоо жүргүзө турганы айтылган жыйынды Абдыганы Эркебаев алып барууда.
Илимпоздор, саясий жана коомдук ишмерлер чакырылган жыйындын ачылышында Министрлер кабинетинин төрагасы, вице-президент Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Венера Раимбачаева сөз сүйлөдү.
Жыйында алгачкы болуп сөз алган мурдагы акыйкатчы, Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов болуп өткөн окуялардын саясий, социалдык, экономикалык жана эл аралык да себептери болгонун белгиледи. Өткөн заманга комплекстүү, илимге баа берүү кыйын экенине токтолду.
"Мен бардык президенттер менен иштедим. Алардын баары эле жамбаштап жатып алган эмес. Билимине, тажрыйбасына, адамдык сапатына жараша колунан келишинче иштеген. Айрымдары 30%, айрымдары 80% иштеди. Президенттер деле адам да. Көптөгөн процесстерге карата өз планын түзүп иш алып барат экен. Бирок ага карабастан көбүнүн окшоштуктары бар. Мен көргөн президенттер кадр тандаганды билчү эмес. Муну көбү да моюнга алган. Элитаны өстүрө албай калыппыз дешкен. Азыр биз базары, бизнеси барларды элита деп жүрөбүз, алар элита эмес, алар нувориштер", -деди Мамытов.
Мамытов коңшу мамлекеттер элита жаратуу үчүн коргонуу жана саясий жаатта иштей турган жаштарды даярдап жатканын кошумчалады.
- Кыргызстанда "Жоогазын ыңкылабы" деген аталыш менен тарыхка кирген 24-мартта Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган Аскар Акаевдин бийлигине чекит коюлган. Ал өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Орусияда жашайт. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде эмгектенет, аталган окуу жайдын профессору. Аскар Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр маселесине байланыштуу сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген. Акаев бийликтен негизсиз кулатылганын айтып келет. 2024-жылы сентябрда ал экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча Жогорку Кеңешке кат жазып, парламент аны четке каккан.
- 2010-жылы 7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы аянтка чыккан элге ок атылган. 90дон ашуун адамдын өмүрү кыйылган бул окуядан кийин сот Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон, кичүү уулу Максим Бакиевге бир катар иштердин алкагында сыртынан өмүр бою камоо чечими чыккан. Быйыл Беларустан Курманбек Бакиевди алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду. Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигиндеги соңку маегинде расмий Минск 15 жылдан бери бул өлкөдө баш калкалап жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти камакка алынбаса, өткөрүп берүүгө даяр экенин айткан. (ST)
Шерине