Жекшембиде Эр-Риядда АКШ менен Украинанын өкүлдөрү Орусия менен ок атышууну жарым-жартылай токтотуу тууралуу сүйлөштү.
Жолугушуу башталганын Украинанын коргоо министри Рустем Умеров билдирди. Анын айтымында, күн тартибинде энергетика жана инфраструктура объекттеринин коопсуздугу турат.
"Бүгүн биз оор техникалык суроолордун үстүндө иштеп жатабыз. Биздин делегация курамында энергетика, деңиз жана аба күчтөрүнүн адистери бар", - деп жазды Умеров.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жекшемби кечинде Эр-Риядда украин жана америкалык топтордун эки жолугушуусу өткөнүн билдирди.
"Биздин команда конструктивдүү жана жетишерлик пайдалуу иштеп жатат. Делегациянын иши уланууда", - деп белгиледи Зеленский.
Умеров кечинде жолугушуу бүткөнүн билдирди.
"Сүйлөшүү конструктивдүү жана мазмундуу болду, энергетика чөйрөсүндөгү маанилүү суроолорду талкууладык", - деп жазды ал.
Америкалык тарап азырынча жолугушуу тууралуу комментарий берген жок. Дүйшөмбү, Сауд Арабиясынын борборунда АКШ делегациясы Орусиянын өкүлдөрү менен жолугуша турганы күтүлүүдө.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц жекшемби жана дүйшөмбүдөгү Эр-Риядда өткөн жолугушууну бир аянтчада өткөн кыйыр сүйлөшүү деп атаса болорун билдирген. Уолтцтун айтымында, Кара деңиздеги аскердик аракеттерди токтотуу тууралуу да сөз болушу мүмкүн. Андан тышкары ок атышууну токтотуу режимин верификациялоо механизмдери тууралуу да кеп болушу ыктымал.
Reuters жана The New York Times өз булактарына таянуу менен АКШ менен Орусия делегациясынын дүйшөмбүдөгү жолугушуусунан кийин америкалык жана украиналык өкүлдөрдүн алдын ала сүйлөшүүсү талкууланат.
Эр-Рияддагы АКШнын президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Украинада жакынкы аралыкта ок атышууну токтотууга жетишүү тууралуу оптимисттик билдирүү жасады. Муну менен катар ал Орусия НАТОго мүчө кайсы бир өлкөгө кол саларына ишенбей турганын белгиледи. Уиткофф Экинчи дүйнөлүк согуш менен азыркы куралдуу чатактын айырмасын көрүп турганын кошумчалады.
Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып, Америка Кошмо Штаттары Орусия менен Украина 20-апрелге чейин жарашарына үмүт артып жатканын билдирген. Бул күнү православ христиандары жана чыгыш христиандары (католик жана протестанттар) Пасханы майрамдайт. Бирок мөөнөт тараптардын ич ара келишпестигинен улам жылып кетиши мүмкүн.
Bloomberg Орусия кайсы сүйлөшүү болбосун ок атышууну токтотуудан баштап, Украинага курал жеткирүүнү токтотууга чейин максималдуу талаптарды коюп жатканын билдирди. Булактар Ак үй азырынча бир дагы чектөөгө макул болбогонун айтууда. Алардын белгилешинче, АКШ президенти Трамп ийгиликке жетүү үчүн макулдашуу Киевге дагы ыңгайлуу болушу керектигин түшүнүп турат жана ал Орусиянын айтканына көнүүгө азырынча даяр эмес.
18-мартта АКШ президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Орусиянын президенти Владимир Путин 18-мартта Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө ок атышууну толук токтотууга жетишүү кадамы катары Украинанын энергетикалык секторуна жана инфраструктурасына сокку урууну 30 күнгө токтотууга макул болгон.
Шерине