Президент Садыр Жапаров 2005-жылы Курманбек Бакиевдин шайлоо штабында иштебегенин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 24-мартта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган чакан маегинде айтты.
Журналист “Лейла Саралаева Ютубдагы акыркы берүүсүндө Курманбек Бакиевдин беш жылдык башкаруусуна саресеп салып, Камчыбек Кыдыршаевич менен сизди 2005-жылы Бакиевдердин штабында иштеген деп аларга байлоого аракет кылыптыр. Чындап эле 2005-жылы Курманбек Бакиевдин штабында иштедиңер беле?” деген суроо берген.
Садыр Жапаров бул чындыкка дал келбесин билдирип, ал
Феликс Куловдун шайлоо штабында иштегенин кошумчалаган.
“Куловдун штабында иштегенимди Атамбаев жакшы билет. Себеби Атамбаев Куловдун штаб башчысы болгон. Кулов менен Бакиев тил табышып, тандем болгондон кийин штаб жабылып, баарыбыз тарап кеткенбиз”, - деди Садыр Жапаров.
Чет жакта иштеген журналист Лейла Саралаева Ютубдагы “Новые Лица” каналына Кыргызстандын эгемен тарыхындагы саясий окуялар, элдик толкундоолор тууралуу видеолорду чыгарып жатат.
Соңку жылдары өлкөдө мурдагы президент Курманбек Бакиев боюнча маселе утур көтөрүлүүдө. Садыр Жапаров 11-мартта Беларус “Курманбек Бакиевди камабасаңар өткөрүп берели” деп жатат” деген.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.
“Апрель окуясы” боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон, кичүү уулу Максим Бакиевге бир катар иштердин алкагында сыртынан өмүр бою камоо чечими чыккан.
Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлөсү Беларустун башында турган Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда экени айтылып келет. Кыргызстандын аларды экстрадициялоо өтүнүчүн расмий Минск четке каккан. (BTo)
Шерине