Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:50

Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгы белгиленүүдө


Алыкул Осмоновду эскерүү иш-чаралары жыл сайын өткөрүлөт.
Алыкул Осмоновду эскерүү иш-чаралары жыл сайын өткөрүлөт.

Кыргызстандык поэзия күйөрмандары улуттук адабияттын классик акыны Алыкул Осмоновдун туулган күнүн белгилеп жатышат. 20-мартта башталган эскерүү иш-чаралары 28-мартка чейин уланат.

Бул 10 күндүк алкагында "тегерек стол" талкуусу, акындын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган поэзия кечеси өткөрүлөт. Ошондой эле жыл соңуна чейин республикада ар кандай иш-чаралар уюштурулат.

Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн “Мой дом” аталышындагы ырлар жана поэмалар, макалалар жыйнагынын бет ачары Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен биргеликте Москвада өтөт. Ушундай эле эскерүү иш-чаралары Түркияда дагы болот.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2025-жылды Алыкулду эскерүү жылы деп жарыялаган.

Ырлары менен окурмандардын сүймөнчүгүнө айланган акын ондон ашуун китеп чыгарып, Пушкин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын чыгармаларын кыргызчалаган. Айрыкча Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасы Алыкулдун котормосунда эң мыкты экени айтылып келет. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмалары да кыргыз көрүүчүлөрүнө акындын котормосу боюнча сахналаштырылган.

Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта жарык дүйнөгө келип, 1950-жылы 12-декабрда 35 жашында дүйнө салган.

Шерине

XS
SM
MD
LG