Түркияда Стамбулдун мэри Экрем Имамоглунун камакка алынышына каршы нааразылык уланды. Би-Би-Си маалымдагандай, 22-мартка караган түнү да жүз миңдеген киши көчөгө чыгып, Имамоглуну жана аны менен кошо кармалган жүзгө жакын саясатчыны, журналистти жана ишкерди эркиндикке чыгарууну талап кылышты.
Өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган өкмөт "вандализмге" жана "көчө терроруна" багынып бербей турганын, коомдук тартиптин бузулушуна жол берилбесин айтты.
Имамоглуга жемкорлук жана террордук топторго көмөктөшүү тууралуу айып тагылып, ал 18-мартта кармалган.
54 жаштагы Экрем Имамоглу Стамбулдун мэрлигине экинчи жолу былтыр шайланган. Ал президент Эрдогандын башкы атаандашы болгон оппозициячыл саясатчы. Имамоглу 2027-жылы өтчү кийинки президенттик шайлоого оппозициянын атынан катышарын жарыялап, тарапташтары менен жолугушууларды уюштуруп келген.
17-мартта Имамоглунун Стамбул университетин аяктаганы тууралуу диплому жараксыз деп табылганы кабарланган. Түрк мыйзамдарына ылайык, өлкө президенттигине жогорку билими бар адам талапкер боло алат.
Нааразылык акциялары Анкарада, Измирде да өттү. Айрым жерлерде полиция менен кагылышуу болду.
Оппозициядагы Республикалык элдик партия (CHP) бул камакка алууну саясий жүйөөсү бар аракет деп сыпаттап, элди мыйзам чегинде тынч демонстрация өткөрүүгө чакырган. Ал эми Европа лидерлери соңку камоолорду Түркиядагы демократиянын артка кетиши деп сындашты. (RK)
Шерине