Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:52

Британия Орусиянын 30 млрд евролук активдерин камакка алды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Улуу Британия союздаш өлкөлөрү менен биргелешип, Орусияга Украинадагы согушун баштагандан берки эң катаал санкция киргизди. Бул тууралуу 21-мартта британ Каржы министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 25 млрд фунт стерлингден (дээрлик 30 млрд евро) ашуун орусиялык активдер камакка алынды. Британиянын Каржылык санкция башкармалыгы (Office of Financial Sanctions Implementation, OFSI) маалымдагандай, Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери санкциялардын натыйжасында 400 млрд долларынан (более 475 млрд евро) кол жууду, бул Москва өлкөнүн коргоо тармагына жумшаган дээрлик төрт жылдык каржылоосуна барабар каражат.

"Орусиянын жалпы каржылык абалы алсыроодо, федералдык бюджеттеги тартыштык кеминде келерки жылга чейин уланат, рублдин куну кетүүдө, өлкөдө кесипкөй жумуш күчү азайды, инфляция күчөөдө", - деп билдирди мекеме.

Deutsche Welle басылмасы белгилегендей, Орусиянын Украинага толук масштабдуу кол салуусунан бери Батыш өлкөлөрү анын жалпысынан 280 млрд евролук активдерин камакка алып коюшту, анын көпчүлүк бөлүгү Европа Биримдигинин (ЕБ) аймагында сакталууда. Евробиримдикте ал активдерди Орусия баштаган согуштун айынан Украина тарткан чыгымдын ордун толтуруу үчүн конфискациялоо сунушу айтылып, бул маселенин тегерегинде талкуу жүрүүдө. Айрым европалык өлкөлөр мындай демилгени колдосо, айрымдары каршы чыгып, Киевге ошол активдерден түшкөн пайыздык кирешени гана берсе болот деп сунуштоодо.

20-мартта Украина Евробиримдиктен 1 млрд евролук кезектеги жардам алды. Насыя түрүндө берилген бул каражаттын ордун Киев Орусиянын камакка алынган активдеринин проценттик кирешесинин эсебинен жабат деп сүйлөшүлгөн. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG