Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:36

CPJ АКШ Конгрессин Глобалдык медиа агенттигин коргоого чакырды


Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) АКШнын Конгрессин президент Дональд Трамптын жарлыгынан кийин Дүйнөлүк медиа боюнча агенттикти (USAGM) коргоого чакырды.

“Ак үй Конгресс тарабынан каржыланган, авторитардык режимдердин нарративдерине каршы чыккан көз карандысыз журналистиканы колдогон агенттикти жок кылууга аракет кылып жатканы таң калыштуу жана өкүнүчтүү”, - деди комитеттин программалык директору Карлос Мартинес де ла Серна 15-марттагы билдирүүсүндө.

Трамп жети федералдык агенттикте кыскартуу жүргүзүүгө багытталган жарлыкка 14-мартта кол койгон. Анын ичинде "Америка добушу, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жана башка федералдык медиа уюмдардын ишин тескеген АКШнын дүйнөлүк медиа боюнча агенттиги да бар.

Документте айтылгандай, ар бир агенттиктин башчысы жети күндүн ичинде президенттик администрациянын бюджет башкармалыгына Трамптын буйругу аткарылганын тастыктаган отчет тапшырышы керек. Ошондой эле агенттиктин кайсы бөлүмү "мыйзам боюнча эмнеге жана жана кайсы деңгээлде милдеттүү" экенин түшүндүрүп бериши зарыл.

Жарлык чыккандан бир нече сааттан кийин ABC News каналынын мурдагы журналисти Тара Пальмери агенттикке таандык экени айтылган катты социалдык тармакка жарыялады. Анда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Конгресс тарабынан бекитилген каржылоосу токтотулгандыгы айтылган.

Бул билдирүүдөн кийин "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Стив Капус: "Азаттык радиосунун" (RFE/RL) гранттык келишиминин жокко чыгарылышы Американын душмандарына чоң белек болот", – деп айтты.

"Ирандын аятоллалары, Кытайдын коммунисттик лидерлери, ошондой эле Москва менен Минскидеги автократтар “Эркин Европа/Азаттыктын” 75 жылдык ишмердүүлүгүнөн кийин жабылышын майрамдашат. Каршылаштарыбыздын жеңишине жол берүү – аларды күчтөндүрүп, Американы алсыратуу дегенди билдирет. Иран, Кытай, Москва, Минскидеги автократ лидерлер 75 жылдыгын белгилөө алдында турган "Эркин Европа/Азаттык"радиосунун жабылышын чын дилинен майрамдашмак. Американын душмандарынын жеңиши аларды күчтөндүрүп, Кошмо Штаттарды алсыздандырат", - деп билдирген.

USAGM – жумасына 360 миллиондон ашык адамга 50гө жакын тилде кабар тараткан жаңылык уюмдарын көзөмөлдөгөн АКШнын көз карандысыз өкмөттүк агенттиги.

Агенттик бардык ишмердигин жана капиталдык инвестициясын каржылоо үчүн 2025-жылкы бюджеттен 950 миллион доллар бөлүп берүүнү өтүнгөн. Анын курамына "Эркин Европа / Азаттык" радиосу, "Америка добушу", "Эркин Азия" радиосу, Кубанын берүүлөр кеңсеси (Radio Marti), Жакынкы Чыгыштагы берүүлөр тармактары (MBN) жана Ачык технологиялар фонду кирет.

Биринчи президенттик кызматы учурунда Трамп менен агенттиктин ортосунда редакциялык көз карандысыздык жана программалардын багыты боюнча пикир келишпестиктер жаралган. Трамп экинчи мөөнөткө кайра киришкенден кийин буга чейинки тынчсызданууларын кайра көтөргөн. Ал экинчи президенттик мөөнөтүндө өкмөттүн чыгымдарын кыскартуу үчүн бир нече кадам жасады

Медиа каражаттарын колдогондор аталган агенттикке караштуу уюмдар Америка дипломатиясынын маанилүү куралы экенин айтышат.

Бул буйрук USAGM агенттигинен тышкары Федералдык медиация жана элдештирүү кызматына, Смитсон институтунун Вудро Вильсон атындагы эл аралык илимий борборуна, Музей жана китепкана кызматтары институтуна, АКШнын үй-жайы жоктордун маселеси менен алектенген агенттиктер аралык кеңешине, Коомчулукту өнүктүрүү боюнча каржы институттары фондусуна жана Азчылыктардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү агенттигине да багытталган.

Шерине

XS
SM
MD
LG