Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:42

АКШ: Канзаста бороондогу жол кырсыгында кыргызстандык жигит каза тапты


Торнадо. Иллюстрация
Торнадо. Иллюстрация

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Канзас штатындагы бороон-чапкындан кыргызстандык жаран каза болгонун билдирди. Мекеменин 17-мартта тараткан маалыматына караганда, 2000-жылы туулган Ш.Б. бороон-чапкын маалында Канзастагы Гудленд жана Колби шаарларынын ортосунда жол кырсыгынан каза болгон.

Чикагодогу Башкы консулдук жергиликтүү бийлик органдары, маркумдун жакындары менен байланышта экени, жарандын сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралып жатканы айтылат.

16-мартта Кошмо Штаттардын борбордук жана түштүк-чыгыш бөлүгүн торнадо коштогон катуу бороон каптап, кырсыктан кеминде 33 адам каза болгон. CNN каналы билдиргендей, бир нече адам дайынсыз болууда, жалпысынан 250 миңден ашык турак жай электр жарыгысыз калган.

Миссисипи, Миссури, Техас, Оклахома, Канзас жана Арканзас штаттары эң көп жабыркады. Арканзастын губернатору Сара Сандерс штатта өзгөчө кырдаал жарыялады. Ушундай эле чечимди Жоржия штатынын губернатору да кабыл алды.

Табият кырсыгы чаңдуу бороон менен коштолууда. Айрым адамдардын өлүмүнө жол жакшы көрүнбөгөндүктөн автоунаалар кагышып кеткени себеп болгон.

АКШнын борбордук штаттары өзгөчө климаттык жана рельефтик шарттардан улам “торнадо тилкеси” деп саналат. Бирок акыркы жылдары глобалдык климаттын өзгөрүшүнөн улам кыйратуучу урагандар дүйнөнүн булуң-бурчунда көбөйгөнүн адистер билдирип келишет.

Шерине

XS
SM
MD
LG