Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:54

Милиция көп кабаттуу үйдөн кулап чарчап калган балдар тууралуу маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 16-мартта турак үйдүн 9-кабатынан эки бала кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматы 17-мартта билдирди.

Бул факты боюнча саат 16:24тө милицияга маалымат түшкөн. Ленин райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган жана кулап түшкөн балдар ошол жерде каза болгон. Алар төрт жана эки жашта болушкан.

Учурда зарыл экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.

Ушул эле күнү милицияга Бишкектин 7-кичи районундагы үйдүн 6-кабатынан бир адам кулап кеткени боюнча маалымат түшкөн. Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, кулап кеткен алты жашар бала болгон. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай каза болгон. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG