АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу 15-мартта АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, Рубио Лавровго АКШнын Йемендеги Иран колдогон хуситтерге каршы аскердик операциясы тууралуу маалымат берген. Ошондой эле ал Вашингтон хуситтердин Кызыл деңиздеги америкалык аскердик жана коммерциялык кемелерди бутага алган чабуулдарына чыдап отура албай турганын айткан.
Андан тышкары Рубио менен Лавров жакында Сауд Арабиясында өткөн АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрүнөн кийинки кадамдарды талкуулап, Вашингтон менен Москванын ортосундагы байланышты калыбына келтирүү боюнча ишти улантууну макулдашты.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, Лавров Рубио менен сүйлөшүүсүндө Йеменде мындан аркы "кан төгүүгө жол бербөө” үчүн “бардык тараптар дароо күч колдонууну токтотуусу зарыл" деп айткан.
15-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп Йемендин түндүгүндөгү бир топ аймакты көзөмөлдөгөн хуситтердин позицияларына сокку уруу тууралуу армияга буйрук берген. Жыл башында Ак үй хуситтердин "Ансар Алла" кыймылын террордук уюм деп тааныган.
15-марттан 16-мартка оогон түнү Американын авиациясы хуситтердин объектилерин бомбалоону баштаган. "Ансар Алланын" көзөмөлүндөгү саламаттык сактоо мекемеси чабуулдардан 30дан ашык киши каза болуп, 100дөн көбү жаракат алганын кабарлады.
Марко Рубио менен Сергей Лавров февраль айында Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги бул жолугушуу Орусия Украинага басып киргенден бери биринчи жолу өткөрүлгөнү кабарланган. 11-мартта Рубио Жидда шаарында Украинанын расмий өкүлдөрү менен кездешкен.
Шерине