Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:21

Түндүк Македонияда түнкү клубдагы өрттөн кеминде 59 киши каза тапты


 Козани шаарындагы өрт чулгаган түнкү клуб.
Козани шаарындагы өрт чулгаган түнкү клуб.

Түндүк Македониянын Козани шаарындагы эл көп барган түнкү клубда концерт маалында өрт чыгып, андан кеминде 59 киши каза тапты. Өлкөнүн ички иштер министри Панче Тошковски 16-марттагы маалымат жыйынында билдиргендей, жүздөн ашуун адам ооруканага жаткырылды.

Анын айтымында, DNA аттуу музыканттар тобу клубда концерт коюп жаткан маалда пиротехника колдонулуп, андан өрт тутанган.

Клубдун шыбы тез күйүүчү материалдан жасалгандыктан өрт тез жайылып, саналуу мүнөттөрдүн ичинде клубду түтүн каптаган.

Кырсыктан жабыркаган жакындары маалымат алуу үчүн шаардагы оорукананын жана өкмөттүк кеңселердин алдында топтолуп турушат.

Козани шаары Түндүк Македониянын баш калаасы Скопьеден чыгышты көздөй 100 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG